«Коңур үн» долбоорунун алкагында музыкалык аспаптарды жасоо иш-чарасы: «Кыргыз оркестринин үнүнө коңур үндү киргизүү” долбоорунун алкагында усталар Рысбек Жунушов жана Марат Берикбаев кыргыздын нукура “конур” үнүн сактай алган комуз жана кыл кыяктарды жасоо иштин үстүндө эмгектенип келе жатышат. Алты төрт кылдуу кыл кыякты даярдоо аяктап калды. Долбоордун алкагында 12 музыкалык аспап жасалат: 6 комуз жана 6 кыл кыяк. Долбоордун кийинки кадамы – бул аспаптарда ойноочу музыканттарды даярдоо.
Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы кезектеги радио угуу: Бул жумада 3 маселе боюнча көрсөтүү болуп өттү – Аймен Касенов: Үй-бүлөдөгү эркектин жоопкерчилиги, Элмира Өмүралиева: Жубайлардын ортосундагы эриш-аркак мамиле, Сейил Калдыбаева: Турмуш кургандан кийинки сүйүү. Зомбулуктун бир себеби сүйүүнүн жоктугубу?
Замана таңкы студиясында конокто: Айгине МИБнун кызматкери жана өнөктөшү Замана студиясында таңкы конокто болуп, жаңыдан жарыкка чыккан “Түш Белек” топтому жана чийимташтардын негизинде тартылган тасмалар тууралу мааламат бөлүшүштү. Аталган тортомдун жана тасмалардын бет ачары бештин айынын 22-си жана 23-до Айгине МИБ өтөт.
