Талаа сапарлары: 2023-жылдын 21-октябрынан 24-октябрына чейин Айгине маданий изилдөө борборунун тобу Кыргызстандын түштүгүндөгү чийимташтардын тарыхый жана маданий жерлерине бир катар саякаттарды жасашты. Иш топ Жол-Чырак жана Калдырама-Боз аары деп аталган аймакта жайгашкан, Мурдаш-Башы деп да аталган тарыхый-маданий чийимташтар жерине алгачкы саякат жасады. Андан соң 22-октябрда иш топ Баткен чийимташтарына биринчи жолу барышты. Иш сапарларынын жүрүшүндө таштарды документтештирип, комплекстердин физикалык абалына баа беришти. Комплекстерди сактоо жана коргоо боюнча мындан аркы иш-чаралардын алкагында Айгине маданий-изилдөө борборунун жамааты археологиялык сүрөттөө жана таштардагы чиймелерди салттуу чечмелөө менен онлайн карталарды түзүүнү пландаштырууда.
Чийимташтар тууралуу ОшМУ-нун студенттерине: 23-октябрда Айгине маданий изилдөө борборунун тобу ОшМУнун тарых факультетинин студенттерине чийимташтар боюнча лекция өткөрүдү. Жолугушууну ОшМУнун тарых факультетинин деканы Арстанов Сабыркул Абдиманапович ачты. Айгине маданий-изилдөө борборунун Кыргызстандын түштүк аймагындагы чийимташтар топтолгон жерлерине болгон чалгындоо сапарларына катышкан Ош улуттук илиимдер академиясынын түштүк бөлүмү, гуманитардык жана аймактык изилдөөлөр институтунун археологу Мырзабеков Эмирлан Ыманалиевич Мурдаш Башы жана Баткен чийимташтар жөнүндө маалымдама берди. Ошондой эле студенттерге Айгиненин Кыргызстандагы чийимташтарга байланыштуу аткарылган иштери тууралуу тасма көрсөтүлдү.
Чийимташтардагы окуялар тууралуу анимациялык видеороликтер: Айгине МИБ жана «Тентек» бирикмесинин жумуш топтору чийимташтарда чагылдырылган кыргыз элинин тарыхы, ошондой эле тоо эчки, бугулардын жана алардын мүйүздөрү сүрөттөрүнүн маданий маанисин ачуу боюнча демсөөлөт (анимация) роликтерди биргелешип иштеп чыгууну улантууда. Айгине МИБ тобу тарабынан даярдалган концепциясы жана сценарийинин негизинде Тентек тобу сюжеттик тактасын жана иллюстрациясын жана анимациями түзүштү. Роликтердин бет ачары 2023-жылдын ноябрь айына пландаштырылган. Долбоор Бүткүл дүйнөлүк жергиликтүү илим тармагы (WISN) менен биргеликте ишке ашырылууда.