Коңур үн” боюнча изилдөө: “Айгине” маданий изилдөө борборунун жамааты “Коңур үн” демилгелүү тобу менен биргеликте “Кыргыз оркестринин үнүнө коңур үндү киргизүү” долбоорун ишке ашыра баштады. Долбоордун усталары жана адистери Рысбек Жунушов менен Марат Берикбаев кыргыздын нукура “конур” үнүн сактаган комуз жана кыл кыяктарды жасай башташты. Ошондой эле долбоордун алкагында “конур үн” боюнча изилдөө иштерин долбоордун демилгечиси, оркестр боюнча адис Чолпон Турумбаева жүргүзүүдө.

Иш жолуугулар: 2023-жылдын 11-октябрында Айгине МИБ өрттөлгөн Арча-Мазардын жанына боз үй тигип баштаган Тоң районунун Калкагар айылынын тургундары менен жолугушуу болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө курулуш бөлүк-бөлүк болуп, убакыттын жана каражаттын тартыштыгынан улам токтоп калганы белгилүү болду. Ыйык жерди сактап калуу боюнча мындан аркы иш-чараларды аныктоо үчүн алар тарабынан Мазарды тосуу планын берүү сунушталды. Буга чейин Айгине маданий-изилдөө борборунун тобу касиеттүү жерге барып, дарактын канчалык зыянга учурагандыгын тактап, ал жерди калыбына келтирүү жана коргоо боюнча мындан аркы аракеттерди карап чыгышкан.