Ыйык жерлер тууралуу мультфильмдерди көрсөтүү: 23-сентябрда “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр борборунда Айгине МИБ жамааты Санжарбек Данияров атындагы фонд менен биргеликте өлкөнүн эки ыйык жери тууралуу уламыштардын негизинде тартылган мультфильмдерди көрсөтүштү. Көрсөтүү Бишкекке С.Данияров атындагы фонддун чакыруусу менен келген Ат-Башы орто мектебинин окуучуларына, ошондой эле Бишкек шаарындагы мектептердин окуучуларына жана «Сейтек» борборунун окуучуларына уюштурулду. Көрсөтүлгөндөн кийин мультфильмдердин сюжеттери жана каармандары тууралуу кызуу талкуу жүрдү. Мультфильмдер Кыргызстандагы эки ыйык жердин – Ош облусунун Кулун-Ата жана Талас облусунун Ажыдаар-Таштын жаралышы тууралуу баяндайт.

Заманбап технологиялар менен маданий мурастардын жолугушу” долбоорунун жыйынтыктарынын бет ачары: Солтек жана Айгине уюмдары “Заманбап технологиялар менен маданий мурастардын жолугушу” долбоорун ишке ашырууну аякташды. Долбоордун натыйжалары: кыргыз аялдарынын салттуу сүнгү усул-жолдорунун санариптик булагы жана ыйык жерлердин уламыштары боюнча тартылган эки мультфильм үстүбүздөгү айдын 24-дө тартуууланды. «Аялдыктан асылзаадалыкка жол» булактын бет ачарынын алкагында долбоордун тобу кыргыз маданиятындагы аялзаттын жан-дүйнөсүн тынч абалга алып келүүгө жана ички сезимин өстүрүүгө багытталган усул-жолдорду көргөзүштү. Бет ачарынан кийин долбоордун жыйынтыктары боюнча талкуу болду. Катышуучулары өз сын жана колдоо пикирлерин ортого билдиришти.

Ыйык жерлер коргоо боюнча тегерек стол: 2023-жылдын 22-сентябрында МИБ Айгиненин көп жылдык өнөктөшү Мамыев Данил, Алтай Республикасындагы Каракол шаары Ыйык Өрөөндөгү “Ӱч Эҥмек” маалымат борборунун мүдүрү, катышуусунда, зыяратчылар жана шайыктар менен ыйык жерлерди коргоо боюнча тегерек стол болуп өттү. Жолугушуунун негизги максаты – акыркы бир нече жыл ичинде өлкөбүздүн ар кайсы аймактарында ыйык жерлерди адамдык бузуу окуялар көбөйүп баратканын талкуулоо жана бул коркунучтардын алдын алуу, ага каршы туруу жана/же чечүү жолдорун издөө. Ыйык жерлерди өрттөп, бак-дарактарды кыюу, булактарды жок кылуу, ошондой эле ыйык жерлердин аймагындагы менчиктештирүү/ижарага берүү окуялар көбөйдү, бул зыярат кылуу иштерине тоскоол болуп, ыйык жердин жашоосуна түздөн-түз коркунуч келтирүүдө. Бул окуяларга тынчсызданган өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген кароолчулар, зыяратчылар жана коомдук ишмерлер бул талкууну демилгелешти. Данил Мамыев Алтайдагы ыйык жерлерди коргоо боюнча көп жылдык тажрыйбасы менен бөлүшүп, өлкөбүздүн өзгөчөлүгүн эске алуу менен пайдалуу болушу мүмкүн болгон коргоо механизмдерин иштеп чыгуу боюнча бир катар кеңештерин берди.

Кыргыз Республикасынын бейзаттык маданий мурастарынын улуттук тизмесин түзүү боюнча иштер: «Кыргызстандын бейзаттык маданий мурастарынын дүйнөсүнө санариптик саякат» долбоорунун жумушчу топтору Кыргызстандын бейзаттык маданий мурастарынын элементтеринин улуттук тизмесин түзүү жана редакциялоону улантууда. Дагы бир домендин – элдик оозеки чыгармачылык жана айтуучулук өнөр түзүү жана редакциялоо боюнча иштер аяктады. Бул тармактын ишин долбоордун адиси Кыял Тажиева аткарып келет. Эмки кадам: түзүлгөн тизмени долбоордун Көзөмөлдөө тобу карап, жарыялоого макулдугун берет.