Долбоор боюнча биринчи уюштуруу жыйыны: 13-сентябрда Айгине МИБ кеңсесинде “Кыргыз оркестринин үнүнө коңур үндү кошуу” долбоорунун биринчи жыйыны өттү. Долбоордун максаты – “коңур” үнүн (кыргыздын нукура үнү) сактоо жана оркестрге кошуу жолдорун изилдөө, ошондой эле аны оркестрдин үнүнө кошуу. Жолугушууда долбоордун демилгечиси оркестр боюнча адис Чолпон Турумбаева жана кесиптештери Айгине менен бирге долбоордун милдеттерин жана иш-чараларын талкуулашты.

Чийимташтардагы окуялар тууралуу демсөөлөт (анимация) иштеп чыгуу: Айгине МИБ жана «Тентек» бирикмесинин жумуш топтору чийимташтарда чагылдырылган кыргыз элинин тарыхы, ошондой эле тоо эчки, бугулардын жана алардын мүйүздөрү сүрөттөрүнүн маданий маанисин ачуу боюнча демсөөлөт (анимация) биргелешип иштеп чыгууну улантууда. Баяндаманын иллюстрацияларын жана үн текстин иштеп чыгуу акыркы баскычта турат. Демсөөлөттөрдүн бет ачары 2023-жылдын күз айларына каралган.

“Заманбап технологиялар менен маданий мурастардын жолугушу” долбоорунун жыйынтыктарынын бет ачар: Солтек жана Айгине уюмдары “Заманбап технологиялар менен маданий мурастардын жолугушу” долбоорун ишке ашырууну аяктоодо. Долбоордун бардык натыйжалары аялдардын салттуу кыргыз медитациялык иш-аракеттеринин санариптик булагы жана ыйык жерлердин уламыштары боюнча эки мультфильм 24-сентябрда тартууланат.