Бейзаттык маданий мурас боюнча жаштар форуму: 5 -сентябрда Корей улуттук маданий мурас университетинде (Поын шаары) бейзаттык маданий мурас боюнча жаштар форуму болуп өттү. Бейзаттык маданий мурас тармагында иштеген жаштардын өкүлдөрү өздөрүнүн ишмердүүлүгү жана мурастарды коргоо менен жайылтуу боюнча өз аймактарындагы жаштардын иш-аракеттери тууралуу айтып беришти. Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын маданият адиси Камила Кенжетаева Кыргыз Республикасынын жаштарынан Кыргызстан чөйрөсүндөгү долбоорлор, анын ичинде Айгине маданий борборунун долбоорлору – Ыйык географияны документтештирүү Кыргызстандын бейзаттык маданий мурас элементтеринин улуттук тизме боюнча санариптик маалымат базасын түзүү тууралуу айтып берди.
Кыргыздын салттуу түш жорумасы боюнча басылма: Айгине МИБ тобу Кыргыздын салттуу түш жорумасы боюнча басылманы басмага даярдап жатат. Түшүндө көргөн нерсени чечмелөө менен карталардан тышкары, басылма дагы бир нече элементтерди камтыйт – жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү заттар, музыкалык коштоо жана башкалар. Басылманын бет ачары 2023-жылдын күзүндө болот.
Талаа сапарлары: 2-3-сентябрь күндөрү Айгине МИБ тобу Сары Жаз жана Эңилчек чек ара аймактарына изилдөө саякат өткөрүштү. Сапардын максаты – Эчкилүү Таш аймагындагы Ак Үңкүрдү жана анын айлана-чөйрөсүн изилдөө, ошондой эле жергиликтүү малчылар менен байланыш түзүү жана алардын Ак Үңкүр болгон мамилесин байкап көрүү. Айгине МИБ түпкүү ниети Ак-Үңкүр үңкүрүн табигый жана маданий мурас катары изилдөөлөр.