🇰🇷 Иш жолугуулар: Айгине Түштүк Кореяда: МИБ Айгине долбоорунун координатору Айза Абдырахманова кыргыз делегациясынын курамында Кыргызстанда салттуу кол өнөрчүлүк маданиятын жана туризм индустриясын өнүктүрүү долбоорунун алкагында Кыргызстандын делегациясынын Түштүк Кореяга болгон жумушчу сапарына катышууда. Долбоорду Кореянын Маданият жана туризм институту КР Маданият министрлиги менен биргеликте ишке ашырууда. 28-августтан бери Кыргызстандын делегациясы Кореянын мамлекеттик музейлеринде, кол өнөрчүлүк жана материалдык эмес маданий мурастар боюнча билим берүү жана илимий борборлорун кыдырып жүрөт. Бүгүн, 2023-жылдын 1-сентябрында делегациянын башчысы, Кыргыз Республикасынын Маданият министринин орун басары 1-сентябрдан 3-сентябрга чейин өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк материалдык эмес маданий мурастар форумунун ачылышында сөз сүйлөдү. Быйылкы форумдун темасы 2003-жылы кабыл алынган Маданий мурастарды коргоо боюнча Конвенциянын 20 жылдыгын, акыркы 20 жыл ичиндеги материалдык эмес мурастарды коргоонун жетишкендиктерин жана келечегин белгилөө.
📚 Кыргыз Республикасынын бейзаттык маданий мурастарынын улуттук тизмесин түзүү боюнча иштер: «Кыргызстандын бейзаттык маданий мурастарынын дүйнөсүнө санариптик саякат» долбоорунун жумушчу топтору Кыргызстандын бейзаттык маданий мурастарын элементтеринин улуттук тизмесин түзөтүү боюнча ишин улантууда. Ушул жумада дагы бир чоң домендин – салттуу музыка боюнча улуттук тизмесинин түзүү жана редакциялоо боюнча иштер аяктады. Тизменин долбоорун түзүү ишин Б.Бейшеналиева атындагы КМУнун оркестрдик-хордук дирижерлук факультетинин оркестрдик дирижерлук кафедрасынын жетекчиси, эксперт Чолпон Турумбаева жүргүзөт.
Андан кийин тизмени долбоордун мониторинг тобу тарабынан талданат.
🗓️ Жылнаманын үстүндө иштөө: МИБ Айгинин тобу учурда 2024-жылдын жылнааманын таризин жана концепциясы боюнча иштеп жатат. Жылнаамада түшкө кирген жаныбарлары чагырылып, алардын кыргыздарга мүнөздүү жоруулары берилет.