Климаттын өзгөрүлүшү жана Баткендеги өрүк менен күрүч остүрүүнүн тажрыйбасы: Айгине МИБ Баткендеги өрүк менен күрүч остүрүү тажрыйбасын климаттын өзгөрүлүшүнө байланыштуу изилдей баштады. Чакан изилдөөнүн максаты: өрүк өстүргөн жана күрүч баккан эмгекчилдердин климаттын өзгөрүлүшүнө өз көз-караштарын таанып түшүнүү жана талдоого алуу. Чакан изилдөөнү Баткен боюнча касиеттүү жерлерди изилдешкен, көп жылдар бою эмгектешип келе жаткан Матраимов Абдыразак ишке ашырууда. Изилдөөнүн табылгалары өз эмгекчилдер менен талдоого алынат жана кийин климат өзгөрүү боюнча кенен үлгүлөрдүн алкагында каралат.
Кыргызстандын бейзаттык маданий мурастын улуттук тизмеси: “Кыргызстандын бейзаттык маданий мурастар дүйнөсүнө санариптик саякат” долбоорунун алкагында долбоордун жумушчу тобу “салттуу оюндар” тармактын улуттук тизмесин түзүү жана тактоо иштерин бүтүрдү. Бул тармактын ишин долбоордун адиси Темирбек Токтогазиев аткарып келет. Эмки кадам: түзүлгөн тизмени долбоордун Көзөмөлдөө тобу карап, жарыялоого макулдугун берет.
Түш жөнүндөгү чыгарманын таризин бекитүү: 16 августта МИБАйгиненин тобу долбоордун адиси, көз карандысыз журналист, кыргыз санжырасын изилдөөчү Шаакан Токтогул менен биргеликте кыргыздардын салттуу түш жорууусу боюнча чыгарманын таризин жана мазмунун финалдык бекитүү боюнча талкуу өткөрүштү. Түштөрдүн жоруу жолдору чогултулуп, салттуу билим боюнча адистер тарабынан талкууланып, бекилди. Долбоор Бүткүл дүйнөлүк жергиликтүү илим тармагы (WISN) менен биргеликте ишке ашырылууда.
