Түпкүлүктүү элдердин эл аралык күнүнө карата онлайн иш-чара:
Баш оонанын 9-да Айгине МИБ тобу Паванка Фондунун онлайн иш-чарасына катышты. Иш-чаранын максаты – айлана-чөйрөнү коргоодогу жергиликтүү жаштардын орду жана салымы. Иш-чарага дүйнөнүн ар башка аймактарынын өкүлдөрү катышты. Кыргызстандын тажрыйбасын Айгине МИБ адиси Айбек Самаков сунуштады. Айбек Паванка фонду тарабынан колдоого алынган климаттын өзгөрүлүшүнүн салттуу белгилери боюнча долбоордун жыйынтыктары менин бөлүштү. Айбек салттуу билимдин, анын ичинде жаратылыш жөнүндөгү билимдин маанисине токтолду. Ошондой эле салттуу билимдер көп учурда илимий коомчулуктун жана чечим кабыл алуучулардын көз жаздымында калып, климаттык үлгүлөрдү иштеп чыгууда эске алынбай турганын баса белгиледи. Ошол эле учурда климаттын өзгөрүшүнүн белгилери (индикаторлору) менен байланышкан жергиликтүү жамааттардын салттуу билимдери учурдагы климаттык үлгүлөрдү байыта алат. Аларды илимпоздор жана чечим кабыл алуучу адамдар этибарга алып, кыйын шарттардан чыгуу усул-ыкмаларга кошсо, пайдасы болот деген ой ортого салынды.
Бейзат маданий тармагында иштеген бейөкмөт уюмдардын Форуму:
Бейзат маданий бейөкмөт уюмдардын форумдун аткаруу кеңешинин мүчөлөрү 2023-жылдын 4-9-декабрында Ботсвана өлкөсүндө өтүүчү өкмөттөр аралык Комитеттин 18-жыйналышы менен катар өтүүчү Бейзат маданий боюнча иштеген бейөкмөт уюмдардын Форумунун иш-чараларын даярдай башташты. Ачылыш аземинде бейөкмөт уюмдардын жана мамлекеттик уюмдардын жалпы симпозиуму орун алат. Быйылкы симпозиум ЮНЕСКО 2003 жылы кабыл алынган бейзат маданий мурасты коргоо Конвенциянын 20-жылдыга арналат. Форумдун Аткаруу Комитетине Чолпонай Усубалиева-Грищук мүчө болуп 2022 жылы шайланган.
Кыргызстандын бейзаттык маданий мурастын улуттук тизмеси:
“Кыргызстандын бейзаттык маданий мурастар дүйнөсүнө санариптик саякат” долбоорунун алкагында долбоордун жумушчу тобу “салттар, ырым-жырымдар, үрп-адаттар” тармактын улуттук тизмесин түзүү жана тактоо иштерин бүтүрдү. Бул тармактын ишин долбоордун адиси Шаакан Токтогул аткарып келет. Эмки кадам: түзүлгөн тизмени долбоордун Көзөмөлдөө тобу карап, жарыялоого макулдугун берет.
