Кыргызстанда жашаган 2 элдин – дунгандардын жана уйгурлардын бейзаттык маданий мурастын элементтерине арналган тизменин үстүндө иштөө:
“Кыргызстандын бейзаттык маданий мурастар дүйнөсүнө санариптик саякат” долбоорунун алкагында долбоордун жумушчу тобу бейзаттык маданий мурастын элементтеринин улуттук тизмесин инвентаризациялоонун жана тактоонун үстүндө иштеп жатат. Кыргыз элинин бейзаттык маданий мурастын элементтеринин үстүндө иштөө менен бирге Кыргызстандын этностук топторунун – дунгандардын жана уйгурлардын бейзаттык маданий мурастын элементтерин документтештирүү биринчи жолу жүргүзүлүүдө. Жумушчу топтун курамына бул этностордун эки өкүлү кирди, алар өз жамааттарынын деңгээлинде инвентаризациялоо аркылуу бейзаттык маданий мурастын элементтеринин биринчи документациясын түзүү менен алектенишет.
Кыргызстандын ыйык жерлеринин уламыштарынын негизиндеги мультфильмдер:
Айгине МИБ жамааты адистер менен бирге Солтек жана Айгине «Маданий мурастын жана заманбап технологияладын жолугушуусу» өнөктөштүк алкагында долбоорунун ыйык жерлердин уламыштары боюнча мультфильмдерди жаратууну аяктады. Биринчи мультфильмди төмөнкү шилтемеден көрүүгө болот: https://www.youtube.com/watch?v=6Xrx5I90mRU. Биринчи тасманын сценарийи алыскы тоолуу Көңдүк айылындагы Алай-Кууда сакталып калган кичинекей Кулунду-Ата көлү жөнүндөгү уламыштын негизинде түзүлгөн. Кулунду-Ата үч көлү, Кичи, Орто жана Чоң, Ош облусунун Кара-Кулжин районундагы Көңдүк айылынын үстүндө жайгашкан. Тасманын сценарийин Айгине МИБ кызматкерлери 2019-2020-жылдары Алай-Кууда чогулткан материалдардын негизинде түзүшкөн. Техникалык бөлүгү Солтек кызматкерлери тарабынан иштелип чыккан. Анимацияны Тентек ишке ашырды. Долбоор Паванка фонду тарабынан колдоого алынган.
Кыргыз Республикасынын салттуу кол өнөрчүлүк маданиятын жана туризм индустриясын өнүктүрүү долбоорунун алкагында изилдөө:
Айгине МИБ тобу кол өнөрчүлүк тармагындагы алдыңкы адис Динара Чочунбаева менен биргеликте кол өнөрчүлүк тармагынын учурдагы абалын изилдөөнү улантууда. Изилдөөдө кол өнөрчүлүк ишмердүүлүгүнүн мыйзамдык базасы, кол өнөрчүлүктү колдоо боюнча мамлекеттик жана улуттук долбоорлор, өлкөнүн кол өнөрчүлүк тармагынын уюштуруу түзүмү талдоого алынган. Долбоорду Кореянын Маданият жана туризм институту КР Маданият министрлиги менен биргеликте ишке ашырууда.
Маданий жана табигый мураска кол салуу:
Теке айынын 31-де – баш оона айынын 1-де Айгине Борборуна касиеттүү жерлердин сактоочулары кайрылышып, тынчсыздануусун билдиришти. Сактоочулар табигый мазарлар атайын талкаланганын айтышты. Сактоочулар өздөрүнүн табигый жана маданий мурастарын коргоо үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылууга даяр экендиктерин билдиришти.
