Санариптик булакты түзүү:
МИБ Айгиненин тобу ОСОО Солтек компаниясынын өнөктөшү катары адистер менен бирге кыргыз маданиятындагы аялзаттын жан-дүйнөсүн тынч абалга алып келүүгө жана ички сезимин өстүрүүгө багытталган усул-жолдорду камтыган санариптик “Аялдыктан асылзаадалыкка жол” аттуу булагын иштеп бүтүрдү. Булакты бул дарек аркылуу көрө алсаңыздар болот: https://aigine.kg/wp…/uploads/2023/07/woman-practices.pdf
Кыргызстандын бейзаттык маданий мурасы боюнча санариптик аянтчанын таризи:
Кыргызстандын бейзаттык маданий мурасы боюнча санариптик аянтчанын таризи «Кыргызстандын бейзаттык маданий мурастар дүйнөсүнө санариптик саякат» долбоорунун жумушчу тобу тарабынан иштелип чыкты. Учурда тийиштүү адистер булактын мазмунунун үстүндө эмгектенүүдө.
Бейзат маданий мурас боюнча Келишимдин 20-жылдык мааракеси:
Айгине МИБ Сеул шаарында орун алган бейзат маданий мурастын 20-жылдык мааракесине катышты. “Жандуу мурас жана табигый дүйнө” талкууда Айгиненин жетекчиси Гулнара Айтпаева он жылдан узак уланган касиеттүү жайлар боюнча изилдөөбүздүн байкоолору жана жыйынтыктары менен бөлүшүп, кыйын өткөөл мезгилде, СССР урап калганда, табигый касиеттүү жерлер адамдарга жөлөк-тирек болгонун билдирди. Эмки 20-жылдын өнүгүү жолдун багыттары “Сеулдун көз карашы” (Seoul Vision) деп аныкталды. Толук маалыматты бул дарек менен көрө аласыз: https://www.youtube.com/watch?v=Ft9tRBofIC8