“Маданият булактарын пайдалануу жана башкаруу боюнча жаштар кыймылы” жайкы мектебинин экинчи иш күнү: 11 июлда, Айгине МИБу жайкы мектептин катышуучулары менен бейзаттык маданий мурастарды изилдөө жана сактоо жаатында жасалып келе жаткан иш-аракеттеринин натыйжасы жана тажырыйбасы менен бөлүшө алды. Уюштуруучулардын сураныы боюнча, төмөнкү үч багыт баянда камтылды:
1. ЮНЕСКОнун 2003 жылы Бейзаттык маданий мурасты коргоо боюнча кабыл алынган конвенциясы тууралу эң негизги маалымат;
2. Нурак Абдрахмановдун Эн-Белги ыкмасын биргеликте окуу курал түрүнө келтирүү, музыка мугалимдерине окутуу, калың эл арасына жайылтуу жана “Эн-Белги” 1000-комузчу ансамблинин түзүлүшү тууралу;
3. Чийимташтарды салтуу көз караш менен изилдөө, руханий маанисин издөө жана тарыхый маалыматтарды байытуу тажрыйбасы.
Жайкы мектеп Кыргызстан тарабынан – КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министирлиги, Корея өлкөсү тарабынан – Азия Маданият Борбору (ACC), Бейзаттык маданият таану борбору (CICS) менен биргеликте уюштурулуп, Сокулук районундагы Шокопов шаарчасында жайгашкан Седжонг институтунда өткөрүлүүдө.
11-июлда Бишкекте Кыргыз Республикасында салттуу кол өнөрчүлүк маданиятын жана туризм индустриясын өнүктүрүү долбоорунун алкагында кыргыз жана кореялык илимий топтордун биринчи жолугушуу-талкуусу болуп өттү.
Долбоорду Кореянын Маданият жана туризм институту КР Маданият министрлиги менен биргеликте ишке ашырууда.
Жыйындын жүрүшүндө топтор салттуу кол өнөрчүлүктүн, атап айтканда шырдак менен ала кийиздин азыркы абалы боюнча изилдөөнүн ортодогу жыйынтыктарын, кемчиликтерин жана күтүлүп жаткан жыйынтыктарын талкуулашты. Айгиненин тобу жетектөөчү адис Динара Чочунбаева менен биргеликте кыргыз тараптан изилдөөлөрдү жүргүзөт. Айгине Борбору акыркы 18 жылдан бери маданий мурастар тармагында иштеп келе жаткан уюм катары бул долбоордун жетектөөчү комитетине кирген. Комитеттин биринчи отуруму да бүгүн өттү. Кореялык изилдөө тобу жайкы сапарында Кыргызстандагы кол өнөрчүлүк тармагынын ийгиликтерин, кемчиликтерин жана муктаждыктарын аныктоо үчүн кыргыз уюмдары жана кол өнөрчүлүк тармагынын кызматкерлери менен фокус-топ жана интервью өткөрөт.
Изилдөө Кыргыз Республикасында салттуу кол өнөрчүлүк маданиятын жана туризм индустриясын өнүктүрүү боюнча төрт жылдык долбоордун алкагында ИЧКАП (ЮНЕСКОнун алдында Азия-Тынч деңиз аймагындагы бейзат маданий мурастар боюнча эл аралык тармактык жана маалымат борбор) тарабынан колдоого алынган.
Кыргызстандын бейзаттык маданий мурасы боюнча санариптик аянтчанын визуалдык концепциясын бекитүү: 14-июлда ЮНЕСКОнун Бейзат маданий мурас Фондунун колдоосу менен «Бейзат маданий мурас дүйнөсүнө санариптешкен саякат» долбоорунун алкагында жумушчу тобу Кыргызстандын бейзаттык маданий мурасынын келечектеги санариптик платформасынын визуалдык концепциясын макулдашты жана бекитти. Санарип аянчасы Кыргызстандын бейзаттык элементтеринин улуттук тизмесинин бардык сегиз доменин – оозеки элдик чыгармачылык, салттуу музыка, салттуу ырым-жырымдар жана майрамдар, салттуу тамак-аш, салттуу кол өнөрчүлүк, салттуу оюндар, жаратылышка жана ааламга тиешелүү билимдер, ыйык жерлерге байланыштуу зыярат жана ырым-жырымдар элементтеринин бириктирет. Ошондой эле аянтчада Кыргызстанда жашаган уйгур жана дунган элдеринин бейзаттык маданий мурастары көрсөтүлөт.
