Ички талкуу: 28-июнда МИБ Айгиненин тобу кыргыздардын салттуу түш жорууусу боюнча тексттерди ички макулдашуу жана басылманын сүрөттөлүшү боюнча талкуу өткөрдү.
Адистик тастыктоо: 29-июнда МИБ Айгиненин тобу Солтек долбоорунун өнөктөштөрү катары долбоордун адиси, эркин журналист жана кыргыз санжырасын изилдөөчү Шаакан Токтогул менен бирге кыргыз маданиятындагы аялзаттын жан-дүйнөсүн тынч абалга алып келүүгө, калыбына келтирүүгө жана ички сезимин өстүрүүгө багытталган усул-жолдорду боюнча санариптик колдонмонун мазмунун бекитүү боюнча талкуу өткөрүштү. Долбоор Паванка Фонду тарабынан колдоого алынган.
Кулун-Ата боюнча мультфильмди тартуунун акыркы баскычы: “Маданий мурастардын заманбап технологиялар менен жолугушуусу” долбоорунун алкагында жаралган биринчи анимациялык тасманы тартуу акыркы баскычта.
Биринчи тасманын сценарийи алыскы тоолуу Көңдүк айылындагы Алай-Кууда сакталып калган кичинекей Кулунду-Ата көлү жөнүндөгү уламыштын негизинде түзүлгөн. Кулунду-Ата үч көлү, Кичи, Орто жана Чоң, Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Көңдүк айылынын үстүндө жайгашкан.
Тасманын мазмунун МИБ Айгиненин кызматкерлери 2019-2020-жылдары Алай-Кууда чогулткан ипалыматтын негизинде түзүшкөн. Техникалык бөлүгү Солтек кызматкерлери тарабынан иштелип чыккан. Анимациялык тасманы Тентек ишке ашырууда. Долбоор Паванка Фонду тарабынан колдоого алынган.

