Ак-Суудагы Ак Булун айылдын тоосунда жайгаштар чийимташтардын арасында кайталангыс сүрөт табылган. Ошонун негизинде эмне себептен байыркы элдер, кыргыздар, куштардын канаттарын баш кийимдерине пайдаланган деген суроо коюп, чакан изилдөө жүргүзүп, 19-20 майда тасма маалымат тарта баштадык. Ал маалымат заманыбыздын шарттарына ылайыкталып, жаш муундарга, ошондой эле байыркы билимге кызыккан кишилерге багытталат.