Бүгүн, 31-мартта, МИБ Айгиненин кеңсесинде  Солтек тобу МИБ Айгиненин тобу менен биргеликте кыргыз маданиятындагы аялзаттын  жан-дүйнөсүн тынч абалга алып келүүгө, калыбына келтирүүгө жана ички сезимин өстүрүүгө багытталган усул-жолдорду, санариптик каталог аркылуу документтештирүү жана мүмкүн андан ары күнүмдүк жашоого киргизүү үчүн жумушчу жолугушуу өткөрүштү.

Журналист, кыргыз санжырасын изилдөөчү Шаакан Токтогул   өз көз карандысыз кыргыздын салттуу маданиятында кабыл алынган активдүү медитация деп аталган аялдардын салттуу үлгүлөрүн – токуучулук жана салттуу активдүү оюндарды талкууга сунуштады.

Сүрөтчү, дизайнер, колдонмо көркөм искусство боюнча эксперт-изилдөөчү, “Кеңеш” студиясынын негиздөөчүсү Гүлмира Кутуева кыз-келиндердин туш кийиздин саймалоо тажрыйбасы тууралуу айтып берди.

Көп жылдык Айгиненин эксперти Жумагазы Садыр уулу кыргыздын салттуу баталарын тартуулады.

Жолугушуу Паванка Фондунун колдоосу менен Солтек жана Айгине биргеликте “Заманбап технологиялар менен маданий мурастын жолугушуусу” өнөктөштүк долбоорунун алкагында уюштурулду.