КРнын Эл артисти Нурак Абдрахмановдун 75 жылдыгына арналган “Дайым сулуу бул дүйнө” сынагынын уюштуруу тобу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Жаманкулов Азамат менен жолугушту.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бул демилгени башынан эле колдоо көрсөтүүдө. Кезектеги жумушчу жолугушуунун жыйынтыгында сынактын жеңүүчүлөрү үчүн министрлик тарабынан 300 миң сом бөлүү тууралуу макулдашуу түзүлдү.
Сынактын финалы 2022-жылдын 17-октябрында өтөт. Толук маалымат шилтемеде.
