Ак-Булуң  чийимташтар менен байланыштуу салттуу билимдерди изилдөө жана сактоо долбоорунун алкагында өткөн жумада алгачкы жолугушуулар өттү. Долбоордун алкагында чийимташтарды документтештирүү жана бул жердин паспортун түзүү боюнча негизги эксперт боло турган археолог Ороз Солтобаев жана Маданият министрлигинин кызматкери Чынарбек Жолдошев менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Жыйында чийимташтар топтолгон жердин паспортун түзүүнүн бардык маселелери, ошондой эле Ак-Булуң чийимташтарын документтештирүү боюнча жер-жерлерге чыгуунун жакынкы пландары талкууланды. Долбоор Паванка фонду тарабынан колдоого алынган.