2021-жылдын 9 жана 10-апрелинде, МИБ Айгиненин өкүлү Чолпонай У-Г, ЮНЕСКОнун колдоосу астында Азия-Тынч океанындагы материалдык эмес маданий мурас боюнча Эл аралык маалымат жана тармактык борбору уюштурган Тартуу оюндары жана ырым-жырымдары боюнча эл аралык симпозиумга катышкан). Симпозиум Вьетнам, Камбоджа, Кыргызстан, Филиппин жана Түштүк Кореядан келген изилдөөчүлөрдүн, эксперттердин жана практиктердин катышуусунда онлайн режиминде өттү.
Симпозиум ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастардын репрезентативдик тизмесине салттуу оюн жана аркан тартыш практикасы боюнча Азия-Тынч океан аймагынын беш өлкөсүнүн биргелешкен номинациясынын киргизилгендигинин 5 жылдыгына карата уюштурулган. Бул симпозиумдун максаты – элементтин баалуулугун изилдөө жана түшүнүү жана анын азыркы дүйнөдө туруктуулугун камсыз кылуу.
Симпозиумдун биринчи күнүндө МИБ Айгине Борбор Азия өлкөлөрүндө аркан менен байланышкан оюндар жана ырым-жырымдар, анын тарыхый мүнөздөмөлөрү жана заманбап тажрыйбалары жөнүндө презентация жасады.

