Үчтүн айынын 15-де Айгине маданий-изилдөө Борборунда мүнүшкөрлүк, бүркүт , ителги, куш таптоо жана салуу боюнча адистер менен жолугуу болду. Маек жырткыч канаттуларды таптап аңчылык кылуу жөнүндө ата-бабалардан келе жаткан маданий мурас катары болду.