Маалымат даярдаган – Мадумарова Малохат, БатМу Кызыл-Кыя педагогикалык институту, п.и.к.

Жигит-Пирим

Ыйык жердин түрү – булактар, карт дарактар, таштар жана ккүмбөз. Шайыгы бар. Ак-Турпак айыл өкмөтүнө караштуу Бүргөндү айылынын жогору жагында, Сох дарыясынын оң жээгинде, Өзбекстан менен чектешкен жерде жайгашкан. Жигит-Пирим аты айтып тургандай эле, эркек кишилердин пири катары кабыл алынат. Ал жерге сыйынганы көптөгөн кишилер келет. Тоо боорундагы чоң ташка сыйынышат. Ал жерде байыркы мазар бар. Жигит-Пирим мазарынын айланасында булактар көп. Булактарга сыйынышып, көптөгөн тилектер айтылат. Ушул ишенимге таянып, – aЖигит-Пирим колдосун деп, бир ишти баштаарда дуба кылынат.

Уламыш боюнча илгери өткөн заманда Хастилла деген киши болгон экен. Ал үйлөнүп, аялы кош бойлуу болот. Арадан ай өтөт. Хастилланы ниети-казат согушуна чакырышат. Ал согушка кеткенден кийин, аялы уул төрөйт. Баласына Жигит-Пирим деп ат коет. Арадан жылдар өтүп, бала эрге жетет. Бала атасынын ниети-казат согушуна кетип, кайтып келбегенин уккандан кийин, аны таап келем деп, белин бекем бууп, жолго чыгат. Көп жол жүрүп, эл чогулган жерге токтойт. Анда күрөш оюну болуп жатканын көрөт. Жигит-Пирим мен да күрөшөйүнчү деп, аксакал киши менен күрөшкө түшөт. Ал киши анын атасы Хастилла эле. Атасы «Я Али» деп баласын көтөргөндө, баласы жыгылбайт. Жигит-Пирим аксакалды көтөрүп чапканда, Хастилла балбан жыгылып калат. Эл дуулдап, азамат деп алкыштап, кимдин уулу экендигин сураашат. Анда жигит: – Мен Хастилла дегендин уулумун, бирок атам согуштан кайткан эмес. Мен аны издеп жолго чыкканмын, – дейт бала. – Сенин атаң ушул киши, көп жылдардан бери ушул жерде жашайт, – дешет.

Жигит-Пирим атасын күрөштө жыгылтып койгону үчүн намыстанып, уялганынан мазардагы ташка карап, ачыл таш деп бакырат экен. Ошол учурда таш ачылып, бала ташка кирип кеткен дейт. Мына ушул окуядан кийин бул мазардын аты Жигит-Пирим аталып калган.