Бүгүн Кыргыз улуттук филармониясынын сахнасында «Барчын Капелла» жаштар хорунун отчёттук концерти — «Мурас Үнү» аттуу музыкалуу концерт-спектакли өтөт. Жаш аткаруучулардан турган хор көрөрмандарга кыргыздын элдик ырларын жана автордук чыгармаларды тартуулайт. Бул чыгармаларда эл эсинин байлыгы, сезимдин назиктиги жана салттуу дүйнөтаанымдын тереңдиги камтылган. Бул кечте эмгек ырлары, лирикалык, сүйүү жана каада-салт ырлары жаңы сахналык чечмелде, көп үндүү хордук аткарууда жаңырып, өзгөчө көркөм өңүттө ачылат. Концерт Айгине МИБ «Салттуу кыргыз ырларынын жаңы деми жана жаңы калыптары» долбоорунун алкагында даярдалып, Паванка фондунун колдоосу менен ишке ашырылды. Долбоордун негизги максаты — салттуу ыр өткөндүн…
Month: May 2026
МИБ Айгиненин иш чараларына жума сереп
Сүңгүп кирүүчү көргөзмөнүн баяны боюнча иш: Бул жумада Айгине МИБ кеңсесинде Борбор Азиянын чийимташтарына арналган сүңгүп кирүүчү көргөзмөнүн баянын окуу жана алгачкы үн менен берүү иштери башталды. Бул баскыч текстти кагаздагы жазуу катары гана эмес, көрүүчүгө жеткиликтүү, таасирдүү жана жандуу угулчу баяндоо катары кабыл алууга жардам берди. Иштин жүрүшүндө жумуш топ баяндын күчтүү жана алсыз жактарын карап чыкты: кайсы жерлерде ойду тактоо керек, кайсы бөлүктөрдө окуянын ички чыңалуусун күчөтүү зарыл, ал эми кайсы өткөөлдөрдү жумшагыраак жана табигый кылуу керектиги белгиленди. Алдыда баяндын түзүлүшүн, тилин жана угулушун дагы да бышыктоо боюнча…
