Skip to content
    office.aigine@gmail.com
    • Instagram
    • Facebook
    • Twitter
    • Youtube
      Айгине
      • Биз жөнүндө
        • Вазыйпа
        • Тарых
        • Байкоочу кеңеш
      • Публикациялар
        • Китептер
        • “Айгине” жөнүндө жарыяланган материалдар
        • Башка басылмалар
      • Долбоорлор
      • Салттуу билимдер
      • Кыргызча
        • Русский
        • English
        • Кыргызча
      Башкы бет
      |
      2026
      |
      2026
      |
      Page 4

      Year: 2026

      МИБ Айгиненин иш чараларына жума сереп

      February 13, 2026by admin

      Изилдөө иштери: Учурда жаш изилдөөчү-кол өнөрчүлөрдүн демилгеси жана Айгине МИБдин колдоосу менен кыргыздардын кыз узатуу салтында колдонулган салттуу аялдардын ат жабдыктарын (ээр токуму жана ага тиешелүү жабдуулар) изилдөө жана реконструкциялоо боюнча талаа жана архивдик-музей изилдөөлөрү башталды. Бул жумада Бурул Исмантаева жана Эрбол Кулманбетов изилдөө иштерин Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музейинен башташты. Ал жерде сакталган ат жабдыктардын көөнө түрлөрү менен жакындан таанышып, илгерки уз чеберлердин, усталардын эмгектерин көрүп, салттуу ээр чабуу, салттуу сайма жана күмүш иштетүү ыкмалары боюнча да маалымат топтошту. Долбоор Паванка фондунун каржылоосуу жана колдоосу менен ишке ашырылууда.…

      Окуу

      МИБ Айгиненин иш чараларына жума сереп

      February 13, 2026by admin

      Айгине МИБ тобу «Чөйрөгө чөмүлтчү көргөзмө: Борбор Азиянын чийимташтары» аттуу жаңы долбоорду ишке ашырууну баштап жатат. Бул демилге чийимташтарды бир эле учурда археологиялык мурас жана жашап турган маданий салт катары көрсөтүп, көрүүчүгө таасирдүү, сезимге жакын тажрыйба тартуулоого багытталган. Көргөзмөнүн баяндоонун өзөгү «Борбор Азия чийимташтары үчүн бирдиктүү санариптик булак түзүү аркылуу салттуу өнөрдү сактоо» долбоорунун алкагында жыйналган маалыматтарга таянат. Дал ошол маалыматтардын негизинде көргөзмөнүн баяннамасы түзүлүп, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы байланыштар — орток белгилер, көркөм багыттар жана маанилер аркылуу — бир бүтүн баянда ачылат. Долбоордун жүрүшүндө археологдор, этнографтар, коомчулуктун улуулары жана…

      Окуу

      Posts navigation

      1 … 3 4
      2026 © Айгине
      • РусскийРусский
      • EnglishEnglish
      • КыргызчаКыргызча