Skip to content
    office.aigine@gmail.com
    • Instagram
    • Facebook
    • Twitter
    • Youtube
      Айгине
      • Биз жөнүндө
        • Вазыйпа
        • Тарых
        • Байкоочу кеңеш
      • Публикациялар
        • Китептер
        • “Айгине” жөнүндө жарыяланган материалдар
        • Башка басылмалар
      • Долбоорлор
      • Салттуу билимдер
      • Кыргызча
        • Русский
        • English
        • Кыргызча
      Башкы бет
      |
      2025
      |
      July

      Month: July 2025

      МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп

      July 11, 2025by admin

      Манас Улуттук Академиясындагы адистик жолугушуу: «Бейзаттык маданий мурастын дүйнөсүнө санариптик саякат» долбоорунун алкагында Манас Улуттук Академиясы тарабынан атайын Айгине МИБ үчүн адистик жолугушуу уюштурулду. Жолугушууда кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгына жана айтуучулук өнөрүнө арналган маалымат булагынын бөлүмдөрү талкууланды. Адистер бул маалымат булагынын маданият жана билим берүү тармактарындагы маанисин белгилешип, аны билим берүү программаларына киргизүүнү сунушташты. ЮНЕСКОнун Баалоо Комиссиясынын жайкы иш чара: Теке айынын 7-11 Париж шаарында ЮНЕСКОнун 2003-жылдагы Бейзаттык маданий мурастарды коргоо боюнча Конвенциясынын алкагында Баалоо Комиссиясынын жайкы иш чара өттү. Иш чарада дүйнөнүн ар кандай мамлекетинен келген 65 номинация каралды…

      Окуу

      МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп

      July 11, 2025by admin

      Оймо фестивалы жана конференциясына катышуу: Теке айынын 1-2-де Айгине маданий-изилдөө борборунун тобу Каракол шаарында өтүп жаткан салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча XIX эл аралык «Оймо» фестивалына жана анын алкагындагы «Салттуу маданиятты сактоо жана бейзаттык маданий мурастын негизинде креативдүү индустрияларды өнүктүрүү» аттуу конференцияга катышты. Айгине фестивалдын улуттук өнөктөшү катары түштүк аймактардан келген жети кол өнөрчүнүн катышуусун уюштурду. Иш-чарада устаканалардын видеодокументациясы жүргүзүлүп, турмуш-тиричиликке байланыштуу буюмдар, музыкалык аспаптар жана ар түрдүү салттуу тажрыйбалар чогултулду. Ошондой эле бейзаттык маданий мурас элементтеринин маалымат булагына арналган видеороликтер көрсөтүлдү. Конференцияда Айгине эки долбоорду сунуштады: «Кыргызстандын маданий…

      Окуу

      МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп

      July 3, 2025by admin

      Айгиненин жаштарды мурасты сактоого тартуу тажрыйбасы тууралуу вебинар: Бул жумада Паванка фонду тарабынан уюштурулган «Жергиликтүү жамааттардын үнү» вебинарлар сериясынын акыркысы өттү. Айгине МИБ тобу алыскы аймактардагы мектеп окуучуларын бейзаттык маданий мурастарды изилдөөгө жана сактоого тартуудагы тажрыйбасы менен бөлүштү. «Улуу Тоолор» долбоорунун алкагында өспүрүмдөр карыялардан уламыштар, чиймелер, дарылык өсүмдүктөр жана 1916-жылдагы окуялар тууралуу маалымат чогултушкан. Вебинар Чынар Сейдахматова жүргүзгөн Эркек Шам ырымы менен ачылды. Бул ырым ар түрдүү доорлордо болгон каргашалуу окуяларда унутта калган, көмүлбөй калган арбактарга арналган. Жалтырак Таштагы сүрөттөргө саякат: Бул жумада Кыргызстандагы эң таасирдүү, бирок бейзаттык мурас жагынан…

      Окуу
      2026 © Айгине
      • РусскийРусский
      • EnglishEnglish
      • КыргызчаКыргызча