«Манас» академиясы менен жолугушуу: элдик чыгармачылык боюнча бөлүм: Бугу айынын 26сында Айгине маданий изилдөө борборунун тобу Кыргыз улуттук «Манас» академиясынын жамааты менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда кыргыз элинин бейзаттык маданий мурастарынын санариптик булагында Элдик оозеки чыгармачылыгы, сөз байлыгы жана аткаруучулук өнөрү” бөлүмү талкууланды. Жыйын учурунда топтолгон маалыматтарга алдын ала адистештирилген баалоо жүргүзүлүп, бөлүм боюнча таанытым иш-чарасынын күнү макулдашылды. Макулдашууга ылайык, бул бөлүмгө арналган таанытым иш-чарасы Кулжа айынын биринчи жарымында өткөрүлөт. Кол өнөрчүлүк булагы: жеке маалыматтар жана метамалыматтар: Бугу айынын 26сында, Айгине борборунун кеңсесинде ЮНЕСКОнун алдындагы Бейзаттык маданий мурастар боюнча маалымат жана…
