Өзбекстандагы жолугушуулар жана кызматташтык иштери: Бугу айынын 14–15 күндөрү Айгине МИБ тобу Өзбекстанда бир катар маанилүү жолугушууларды өткөрүп, Борбор Азиядагы чийимташтар боюнча бирдиктүү маалымат булагын түзүү багытында пикир алмашуулар жүрдү. 14-майда Ташкент шаарында Кыргызстандын бейзаттык мурасын сактоо тажрыйбасын талкуулаган жолугушуу өттү. Жолугушууда Айгине МИБ директору Гүлнара Айтпаева китептер жана көрмө маалыматтар аркылуу мурастарды сактоо тажрыйбасы менен бөлүшүп, анимациялык тасмалар таанытылды. Жыйынтыгында Өзбекстандын Маданият министрлигине караштуу Илимий институт менен кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюлду. Ошол эле күнү Айгине тобу Археология боюнча мамлекеттик борбордун директору жана кызматкерлери менен жолугуп, чийимиаштарды изилдөөдө археологиялык…
Day: May 20, 2025
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Талаа сапары: Бугу айынын 7-де Айгине тобу Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк Жар айылынан башталган иш сапарын аяктады. Максаты — буга чейин изилденбеген, Өзбекстан чек арасына жакын жайгашкан Араван районундагы өзгөчө чийимташтар топтомун кароо жана каттоо эле. Археолог Салтанат Алишер кызы менен биргеликте биз табылган сүрөттөрдү каттап чыктык. Бул сүрөттөр жакында кеңири баяндалып, салттык түшүндүрмөлөр менен чечмеленет. Айгине МИБ бул жер тууралуу маалыматтарды Борбор Азия чийимташтарынын маалымат булагына кошуу үчүн даярдап жатат. Бул маалымат булагы — аймактагы чийим таш өнөрү боюнча маалыматтарды бириктирүү, аны сактап калуу жана илимий-мәдени чөйрөгө…
