Асыл Садыр уулу Жумагазы абанын жаркын элесине арнап, өзү төрөлгөн жана акыркы сапарга кеткен Ысык Көлдөгү Кызыл Туу айылынын мектеби менен биргеликте 5-11 класс окуучулар арасында дил баян сынагын баштадык. Ал сынакта окуучулар Жумагазы абанын өмүр жолун, ишмердүүлүгүн, кыргыз дүйнөсүнө кошкон салымын изилдеп, өй жүгүртүүлөрүн жазышат. Сынактын жыйынтыгы бугу айынын аягында чыгат. Талас жана Жалал-Абад облустарында кол өнөрчүлөр жана алардын жасаган буюмдары тууралуу маалымат жыйноонун аякташы: Өткөн жумада Талас жана Жалал-Абад облустарында кол өнөрчүлөр жана алардын жасаган буюмдары жөнүндө маалымат жыйноо иши соңуна чыкты. Аймактык изилдөөчүлөр Бурул Исмантаева жана Дөөлөт…
