Асыл Садыр уулу Жумагазы абанын жаркын элесине арнап, өзү төрөлгөн жана акыркы сапарга кеткен Ысык Көлдөгү Кызыл Туу айылынын мектеби менен биргеликте 5-11 класс окуучулар арасында дил баян сынагын баштадык. Ал сынакта окуучулар Жумагазы абанын өмүр жолун, ишмердүүлүгүн, кыргыз дүйнөсүнө кошкон салымын изилдеп, өй жүгүртүүлөрүн жазышат. Сынактын жыйынтыгы бугу айынын аягында чыгат. Талас жана Жалал-Абад облустарында кол өнөрчүлөр жана алардын жасаган буюмдары тууралуу маалымат жыйноонун аякташы: Өткөн жумада Талас жана Жалал-Абад облустарында кол өнөрчүлөр жана алардын жасаган буюмдары жөнүндө маалымат жыйноо иши соңуна чыкты. Аймактык изилдөөчүлөр Бурул Исмантаева жана Дөөлөт…
Month: April 2025
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Кыргызстандагы салттуу кол өнөрчүлүктү изилдөө: Ысык-Көл жана Баткен облустарында талаа жумуштары аяктоодо: Бул жумада Айгине борборунун тобу Кыргызстандагы салттуу кол өнөрчүлүк боюнча маалымат булагын түзүү ишинде маанилүү кадамга жетти — Ысык-Көл жана Баткен облустарында талаа изилдөөлөрдү жыйынтыктап жатышат. Ысык-Көл облусунда изилдөөчү Акылбек Каныбек уулу Тон жана Түп райондорунда жергиликтүү усталар менен жолугуп, алардын тарыхын, жасоо ыкмаларын жана аймактык өзгөчөлүктөрүн документтештирди. Баткен облусунда изилдөөчүлөр Мирлан Жолдошбаев жана Руслан Жунусов бардык райондорду кыдырып, кол өнөрчүлөр менен жолугушуп, усталардын жеке тарыхтарын, иштөө ыкмаларын жана заманбап шартта кандай өзгөрүүлөргө дуушар болуп жатканын жазышты. Бул…
Еженедельный обзор деятельности КИЦ Айгине
Встреча по петроглифам двух континентов: на этой неделе в КИЦ Айгине прошла встреча с Азимой Жакшылыковой и Чынарой Сейдахматовой, посвящённая интерпретации наскальных рисунков Ита Летра в Парагвае. Это продолжение декабрьской поездки команды Айгине в Южную Америку, где исследование петроглифов стало одной из ключевых тем. Ита Летра — одни из самых древних памятников, их простые символы выражают идеи перехода энергии от земли к небу и мировоззрение древних людей. В ходе встречи были проведены параллели между Ита Летра и Саймалуу-Ташем — самым известным и одним из древнейших комплексов петроглифов Кыргызстана. Несмотря на…
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Эки континенттин чийимташтары боюнча жолугушуу: Бул жумада Айгине маданий изилдөөлөр борборунда Парагвайдагы Ита Летра чийимташтарынын маанисин чечмелөөгө арналган жолугушуу өттү. Жолугушууга Азима Жакшылыкова жана Чынара Сейдахматова катышты. Бул иш-чара 2024-жылдын Бештин айында Айгине тобунун Түштүк Америкага жасаган сапарынын уландысы болуп саналат. Ал сапарда чийимташтарды изилдөө негизги багыттардын бири болгон. Ита Летра — эң байыркы тарыхый эстеликтердин бири. Андагы жөнөкөй белгилер жерден асманга өткөн кубатты жана байыркы адамдардын дүйнө таанымын чагылдырат. Жолугушууда Ита Летра менен Кыргызстандын эң белгилүү жана байыркы чийимташтар комплекси болгон Саймалуу-Таштын ортосундагы окшоштуктар жана айырмачылыктар талкууланды. Сүрөттөрдүн формасы…
