Кыргызстандагы салттуу кол өнөрчүлүк маалымат булагы: Кыргызстандын салттуу кол өнөрчүлүгү боюнча маалымат булагын түзүү иштери активдүү уланууда. Учурда изилдөөчүлөр Мирлан Жолдошев жана Руслан Жунусов Баткен облусунда маалыматтарды чогултуу ишин жыйынтыктап жатышат. Алар аймактагы усталар жана кол өнөрчүлөр менен жолугушуп, салттуу билимдер жана ыкмалар боюнча баалуу маалыматтарды топтоду. Жакынкы күндөрү жыйналган маалыматтарды талдоо жана салттуу кол өнөрчүлүккө тиешелүү кыргызча терминологияны Улуттук реестрдин доменине ылайык түзүү иштери башталат. Бул долбоор ЮНЕСКОнун ИЧКАП борбору жана Түштүк Кореянын расмий өнүктүрүүгө көмөктөшүү (ODA) долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылууда. «Дулдул булак» долбоору жана тарыхый гезиттерди санариптештирүү…
