Аян аркылуу жазылган китептерди изилдөө: Айгине изилдөө борбору аян аркылуу жазылган китептердин изилдөөсүн баштап жатат. Аян аркылуу жазылган деп китептерди жазган адамдар өзү мүнөздөшөт. Аян ата-бабалардын же башка рухий күчтөрдүн таасири менен жаралган деген түшүндүрмө беришет. Аян алуу кыргыз маданиятынын байыркы көрүнүштөрүнүн бири болгон, анын ичинде “Манас” эпосунун айтылышы да ушул салтка таянган. Бүгүнкү күндө бул чыгармалар кандай мааниге ээ? Ушул жана башка суроолорго жооп табуу үчүн биз өз чыгармаларын аян негизинде жазган адамдар менен маектешип, алардын эмгектерин талдоону максат кылуудабыз. Салттуу кол өнөрчүлүктү документтештирүү: Аймактардагы изилдөөчүлөр кол өнөрчүлүк боюнча…
