2024-жылдын күзүндө, Кыргыз мамлекеттиктигинин 100 жылдыгына карата, Айгине МИБ “Солтек” ЖЧКсы менен биргеликте “Эркин Тоо” гезитинин (1925–1927-жж.) алгачкы сандарынын санариптештирүү жана котормоо долбоорун баштады. Үч жуманын ичинде 324 саны санарип тааныгычтан (сканерден) өткөрүлдү, ал эми азыр сандар араб алиппесинен кириллицага котормоодо. Иш аяктагандан кийин Эркин Тоо сандары Айгиненин веб-баракчасына жайгаштырылып, кыргыз мамлекеттиктигинин негиздөөчүлөрү 100 жыл мурун эмне жөнүндө жазышканын билүүгө өтө сейрек мүмкүнчүлүк ачылат. Долбоор Паванка фондунун колдоосу менен ишке ашууда. “Дулдул булак” анимациялык тасмасынын тартуусу башталды: Бул жумада “Дулдул булак” анимациялык тасмасынын тартуу иштери башталды. Бул өзгөчө тасма анимация…
