Өткөн жумада, «Эркин-Тоо» гезитинин биринчи саны жарык көргөндөн 100 жыл соң, Айгине МИБ анын алгачкы сандарын санариптештирүүнү баштады. Бул иш кызыктуу, бирок ошол эле учурда оор болду: бир жагынан, абдан эскирип, бузулган беттерге зыян келтирип алуудан корктук, экинчи жагынан — ата-бабаларыбыз эркиндикти жана Кыргызстан эгемендигин эңсеген доордун рухун сезе алдык. Айгине маданий изилдөө борборунун тобу 1924–1927-жылдар аралыгында чыккан «Эркин-Тоо» гезитин санариптештирүүнү улантат. Бизге сейрек кездешүүчү гезит нускаларын колдонууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн А. Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору Айнура Алмасбековна Аскаровага ошондой эле сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн башкы…
Day: November 8, 2024
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Мурдаш Башы чийимташтарын санариптештирүү жана документтештирүү долбоорунун мүчөсү, Ош Университетинин археологу Салтанат Алишер кызы өткөн жумада профессор Сулеймановдун мааракесине арналган эл аралык иш-чарага баяны менен катышты. Иш-чара Ташкенттеги Улуттук археологиялык борборунда өтүп, анда дүйнөнүн ар кайсы бурчтарынан келген адистер чогулушту. Салтанат Ош облусундагы Мурдаш Башы чийимташтарынын байлыгы жана өзгөчөлүгү жөнүндө айтып берип, алардын Кыргызстан маданий мурастарындагы сейрек жана маанилүү ордун белгиледи. Ошондой эле ал Айгине МИБ тобунун чийимташтарды санариптештирүү жана документтештирүү жаатындагы тажрыйбасы менен бөлүшүп, бул иште изилдөөчүлөр пайдаланган ыкмалар ошондой эле кыйынчылыктар тууралуу баяндады. Биз Асел Даниярованын («Санжарбек Данияров…
