Жергиликтүү изилдөөлөр: Тогуздун айынын башында, Айгине Маданий Илимий Борборунун тобу Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кызыл-Булак, Учкун жана Охна айылдарында окуучулар үчүн иш-чара өткөрдү. Бул иш-чара “Улуу Тоолор” долбоорунун алкагында өткөрүлүп, анда окуучулар өз айылдарында төмөнкү темалар боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүшөт: а) уламыштар, б) дары чөптөр, в) чийимташтар, г) ийгиликтүү айымдар, д) түпкү Кыргызстан, е) 1916-жыл окуялары. Изилдөөлөрдөн тышкары, окуучулар тоолордо ишембилик өткөрүштү. Видеодо Кызыл-Булак жана Охна айылындагы мектеп окуучуларынын ишембилиги. Долбоордун жыйынтыгы Жетинин айынын башында өтөт. Иш жолугуу: Айгине Маданий Изилдөө Борборунун өкүлдөрү Борбордук Азиянын салттуу күрөш жана ат оюндары, анын…
