Жергиликтүү уламыштардагы жылдыздуу асман: Шаршемби күнү, Аяк оонанын 18-де Айгине МИБ кеңсесинде “Балдар асманы” долбоорунун алкагында бирикменин жетекчиси сүрөтчү жана аниматор Асел Китаева менен жумуш жолугушуу болуп өттү. Жыйында даярдалып жаткан «Жылдыздуу асман» мультфильминдеги башкы жана кошумча каармандардын иллюстрациялары талкууланып, жактырылды. Мультфильм балдар үчүн космостук каармандар – планеталар, жылдыздар жана асман жөнүндө видеосабак түрүндө көрсөтүлөт. Сабак көрүүчүлөрдү муундан муунга өтүп келе жаткан асман телолорунун кыймылы жана жылдыздардын жайгашуусу жөнүндөгү салттуу идеялар менен тааныштырат. Долбоор видеосабактан тышкары түстүү иллюстрациялар менен балдар китебин түзүүнү пландаштырууда. Китепте астрономия боюнча улук окутуучу, «Жылдыз Санак»…
