Иш чара: Баш оонанын 19-23 Айгине маданий-изилдөө борбору «2003-жылдын Тизмелерине киргизүү үчүн номинациялык файлдарды даярдоо үчүн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бейзаттык маданий мурастарынын эксперттеринин жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын кызматкерлеринин потенциалын өнүктүрүү боюнча тренинг» өткөрдү. Иш чара Бишкек шаарындагы Жаннат резорт мейманканасында ЮНЕСКО тарабынан Европа биримдигинин каржылоосу менен “Борбордук Азиядагы Жибек Жолунун мурас коридорлору – Европалык маданий мурастар жылынын эл аралык аспектилери” долбоорунун алкагында өттү. Иш чаранын максаты – номинациялык файлдарды даярдоо үчүн зарыл болгон концептуалдык, аналитикалык жана техникалык чеберчиликти өнүктүрүү, ошондой эле бейзаттык маданий мурастын элементтеринин номинацияларын эл…
Day: August 27, 2024
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Жылдыздар тууралуу жергиликтүү билимдер: Айгине МИБ “Балдар Асманы” долбоорунун алкагында жумушчу топ жаш сүрөтчүлөр жана аниматорлор Асель Китаеванын жетекчилиги астында топ менен биргеликте болочок видеосабактын ар бир көрүнүшүн (раскадровканы) түзүүгө киришти. Бул видеосабак көрүүчүлөргө муундан муунга өтүп келген асман чөйрөлөрүнүн кыймылы жана жылдыз топторунун жайгашуусу боюнча салттуу билимди жана түшүнүктөрдү ачып берет. Видеосабактан тышкары, долбоордо жаркын сүрөттөр менен коштолгон балдар китебин чыгаруу да каралган. Бул китепке “Жылдыз Санак” демилгелүү тобунун мүчөсү, астрономия боюнча улук окутуучу Абакир Калыбеков тарабынан чогултулган жылдыздар жана асман сфералары тууралуу элдик уламыштар киргизилет. Бул долбоор салттуу…
