Эл аралык иш-чара: Теке айынын 4-7 Ысык-Көлдүн жээгинде “Борбордук Азияда жана андан тышкаркы өлкөлөрдө маданий мурастарды биргелешип алдыга жылдыруу: мүмкүнчүлүктөр жана тоскоолдуктар ” аттуу эл аралык иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Айгине маданий-изилдөө борбору иштеген тармактарда олуттуу иштерди жасап жаткан чакырылды. Алар Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан маданий мурас боюнча адистер жана салттуу билимди аркалагандар адамдар. Иш-чаранын катышуучулары үч негизги багытка ой-бөлүштү : маданий мурастарды биргелешип жайылтуунун саясий шарттары, маданий мурастарды жана салттуу билимдерди соодалаштыруу жана ашыкча соодалаштыруу, ошондой эле салттуу тажрыйбанын терс жактары жана аларды жеңүү мүмкүнчүлүктөрү. Иш-чара топтук жана…
