Энелердин колдоосу: Айгине МИБ тобу «Энелердин колдоосу» демилгелүү тобу менен биргеликте «Жети эненин батасы» долбоорун ишке ашыра баштады. Долбоор кыргыз элинин түпкү маданиятына мүнөздүү аялдардын салттуу иш-аракеттерин сактоого жана өркүндөтүүгө багытталган. Зордук-зомбулукка каршы жана зордук-зомбулукка кабылган аялдарды айыктыруу куралы катары бата брүү/алуу, сайма сайуу, кошок айтуу салттуу көрүнүштөрү ишке тартылат. Бата берүү – жакшылык тилеп колдоо көрсөтүүнүн бир түрү болуп келет. Аялдарга кыйынчылыктарды жеңүүгө, жана өзүн-өзү сыйлоо сезимин калыбына келтирүүгө дем жана күч берүүчү сөздөр сунушталат. Сайма сайуу, оймо-чийме өнөрү запкы тарткан аялзатты калыбына келүү/келтирүү усул катары колдонулат. Аялдар капалуу,…
Month: July 2024
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Жылдыздар тууралуу жергиликтүү билимдер: Айгине МИБ тобу «Жылдыз Санак» демилгелүү тобу менен биргеликте «Балдар асманы» долбоорун ишке ашыра баштады. Долбоордун негизги максаты – балдарга асман дүйнөсү жана асман чөйрөлөрү тууралуу байыркы жергиликтүү билимди жана түшүнүктөрдү тартулоо жана кенен жайылтуу болуп саналат. Долбоордун натыйжалары – кыргыз тилинде үч жергиликтүү уламышты камтыган кооз китеп чыгаруу, ошондой эле асман чөйрөлөрүнүн кыймылы жана жылдыз топторунун жайгашуусу боюнча салттуу билимди жана түшүнүктөрдү, Саймалуу-Таштагы айрым чийимташтар менен алардын өз ара байланышын ачып берген видеосабакты тартуу. «Жылдыз санак» (Жылдыз санагы) — кыргыздын салттуу астрономиялык жана астрологиялык билимдер…
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Эл аралык иш-чара: Теке айынын 4-7 Ысык-Көлдүн жээгинде “Борбордук Азияда жана андан тышкаркы өлкөлөрдө маданий мурастарды биргелешип алдыга жылдыруу: мүмкүнчүлүктөр жана тоскоолдуктар ” аттуу эл аралык иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Айгине маданий-изилдөө борбору иштеген тармактарда олуттуу иштерди жасап жаткан чакырылды. Алар Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан маданий мурас боюнча адистер жана салттуу билимди аркалагандар адамдар. Иш-чаранын катышуучулары үч негизги багытка ой-бөлүштү : маданий мурастарды биргелешип жайылтуунун саясий шарттары, маданий мурастарды жана салттуу билимдерди соодалаштыруу жана ашыкча соодалаштыруу, ошондой эле салттуу тажрыйбанын терс жактары жана аларды жеңүү мүмкүнчүлүктөрү. Иш-чара топтук жана…
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Иш жолугуулар: Кулжа айынын 24-дө Париж шаарында ЮНЕСКО-нун бейзаттык маданий мурасты коргоо боюнча 2003 Конвенциянын алдында иштеген Баалоо Тобунун жайкы жыйналышы башталды. Жыйналышка дүйнө боюнча шайланган 12 адис катышууда. Айгине МИБ 2022 жылы Тынч Мухит жана Азия аймагынан мамлекеттик эмес уюмдар тарабынан Баалоо Тобунун өкүлү болуп 4 жылга шайланган. Инфографика түзүү иштери: “Кыргызстандын бейзаттык маданий мурас дүйнөсүнө санариптик саякат” долбоорунун алкагында, Кулжа айынын 22-де Бейзаттык маданий мурасты (БММ) сактоо боюнча ЮНЕСКОнун 2003-жылкы Конвенциясынын эң маанилүү түшүнүктөрүн ачып берүү үчүн видео инфографикаларды даярдоо иштери башталды. Бул видео инфографикалар кыргыз жана орус…
