Улуу Тоолор: бул жумада “Улуу Тоолор” долбоорунун алкагында Ысык-Көл облусунун үч районунун эки мектебинин 7-11-класстарынын Туура-Суу жана Кажы-Саз айылдарынын жергиликтүү тургундарынын арасында изилдөө иштерин жүргүзүп жатышкан окуучулары, Тастар-Ата тоосунда ишембилик өткөрүштү. Балдар биргелешип Тастар-Атанын аймагынан желим таштандыларды чыгарып, жакынкы жолдорду тазалоо иштерин жүргүзүштү. Келерки жумада мектеп окуучулары чийимташтар, уламыштар, дары өсүмдүктөр, ийгиликтүү айымдар деген темалар багыттарда изилдөө иштеринин жыйынтыгы менен тааныштырышат. Окучуулардын изилдөө топтордун жетекчилери мектеп мугалимдери. Кажы-Саз айылындагы мектептин топ жетекчиси – тарых мугалими Асел Бектурова; Туура-Суу айылдык мектебинин топ жетекчиси – Батырбек Шыгаев, кыргыз тили жана адабияты мугалими;…
