Улуу тоолор: жегиликтүү изилдөөлөр: «Улуу тоолор» долбоорунун алкагында Ысык-Көл облусундагы үч мектептин (Кажы-Саз а., Тоң а., Туура-Суу а.) 7-11-класстарынын окуучулары жергиликтүү тургундар арасында төмөнкү багыттарды изилдөөлөрдү жүргүзүп жатышат: чийимташтар, уламыштар, дары өсүмдүктөр, ийгиликтүү айымдар. Изилдөө башталганга чейин мектеп окуучуларына изилдөө жана маек куруу (интервью алуу) ыкмалары үйрөтүлгөн. Изилдөө бир айга созулат, андан кийин мектеп окуучулары өз иштеринин жыйынтыгын тандаган таризинде (видео отчет, сүрөт көргөзмө, спектакль ж.б.) көрсөтүшөт. Бул айдын ичинде жаш изилдөөчүлөр машыгуу учурунда алынган маалыматтарды пайдаланып, иштерин сүрөт жана тасма түрлөрүндө коомдук тармактарга жарыялап турушат. Иш жолугуулар: Бугу айынын…
Day: May 17, 2024
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Чийимташтар боюнча жыйналышына катышуу: Чын курандын 29-30да, МИБ Айгине борборунун адисттери Жумагазы Садыр уулу, Чынар Сейдахматова, ошондой эле долбоордун улук координатору Чолпонай Усубалиева-Грищук жана долбоордун координатору Айза Абдырахманова Борбордук Азия Университети уюштурган «Борбордук Азиянын ташка ойулган тарыхы: чийимташтарды изилдөө, сактоо жана чечмелөө» аттуу конференцияга катышты. Чын курандын 29-да Айгине МИБ тобу Кыргызстандын чийимташтарын сактап калуу жана аларды салттуу билим аркылуу чечмелөө жана изилдөө боюнча ишинин жыйынтыктарын ортого салып, баяндама жасады. Баяндамалардын аягында Айгине маданий-изилдөө борборунун тобу Кыргызстандагы чийимташтардын салттуу чечмелөөрүнүн негизинде түзүлгөн эки кыймылдуу тасманы көрсөттү. Жыйналыш Фрунзе музейинде орун…
