Сыйлык тапшыруу аземи: Бүгүн К.Молдобасанов атындагы консерваториянын чоң залында Намазбек Уралиев менен Асел Калкановага “Ариранг устаты” сыйлыгын тапшыруу аземи болду. Бул абройлуу сыйлыкты Түштүк Кореядагы Маданият Мастерлери эл аралык консультациялык тобу ыйгарат, ал жаңы маданий демилгелерди колдоого, туруктуу маданий өнүгүүгө көмөктөшүүгө жана маданий лидерлердин кийинки муунун тарбиялоого арналган. Азем салттуу музыка жана элдик аспаптар бөлүмүнүн башчысы Акылбек Касаболтовдун ачылыш сөзү менен башталды. Ал көрүнүктүү комузчу Намазбек Уралиев менен кызматташканына сыймыктанарын билдирди. Кыргызстандык эксперт, Эл аралык консультациялык топтун мүчөсү Айжаркын Кожобекова программанын маанисине кеңири токтолду. Иш-чаранын жүрүшүндө Намазбек Уралиев сөз сүйлөп,…
Day: April 15, 2024
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Тажрыйба бөлүшүү (мастер-класс) жумасы: эртең, чың курандын 6-да “Сезим” кризистик борборунун жашоочулары үчүн мастер-класстардын жумасынын акыркы күнү болот. Аялдар бир жума бою кийиз жасоонун ыкмаларын үйрөнүп, түрдүү саймалардын маанисин түшүнүп , өз колдору менен буюмдарды жасашты. Мындан сырткары, мастер-класстардын алкагында үй-бүлөлүк зомбулукту жеңүү боюнча окуяларын айтып, керектүү кеп-кеңештерин берген коноктор менен жолугушуулар уюштурулду. Ошондой эле өнөр жай ишканаларга баруу өзгөчө кызыгууну жаратты, анда катышуучулар кол өнөрчүлөр менен жеке баарлашып, өз колдору менен кандай эмгекти жарата аларын көрүштү. Бул жумада катышуучулар жаңы шык-жөндөмгө ээ болушуп, башка адамдардын окуяларын угушуп, алар жалгыз…
