Иш жолугуулар жана талкуулар: бул жумада МИБ Айгине жумушчу тобу салттуу кыргыз маданиятынын өкүлдөрү жана күйөрмандары менен жолугууларды өткөрдү. Жолугушуулардын максаты – салттуу маданият, ошонун ичинде кол өнөрчүлүк, акындык азыркы коомдук көйгөйлөрдү чечүүгө кандай салым кошо алат боюнча талкуулоо. Ошондой эле, иш талкуулардын алкагында МИБ Айгине жумушчу тобу жана адисттери биргелешкен кызматташуу боюнча суроо-талаптарды жана сунуштарды карап чыгышты. Сунуштарды карап баалаганда, Айгиненин вазыйпасына туура келиши жана азыркы замандын көйгөйлөрүн калың элге түшүнүктүү жолдор менен чечүүгө кошо алган дарамети этибарга алынды. “Асыл жан” радиоуктуруунун алкагында ” Азыркы коомдогу аял-эркек маселесине байкоо…
