Даректүү чакан тасма “Алсыз кордойт, күчтүү коргойт”: Айгине Борбору өлкөбүздө болуп жаткан үй-бүлөлүк жана аялзатка карата зордук-зомбулукту азайтуу максатында чакан тасмаларды тартууда. Бул жумада “Алсыз кордойт, күчтүү коргойт” аттуу чакан тасманы тартуу башталды. Баяндаманын өзөгү өткөн жылдын аягында жарыяланган сынактын жеңүүчүсү Шаакан Токтогулга таандык. Зордук-зомбулукка каршы өлкөбүздүн сыймыгы болгон көк-бөрүчүлөр катышууда. Уюштурууну долбоордун алакачысы Мээрим Айткеева башкарып келет. Мурдаш Башы чийимташтарынын салттуу сүрөттөмөлөрү: Бүгүн, бирдин айынын 8-де «Мурдаш Башы чийимташтарын картага түшүрүү жана аларга байланыштуу салттуу билимди изилдөө жана санариптештирүү аркылуу сактоо» долбоорунун алкагында алакачы Айза Абдырахманова Мурдаш Башы таштарындагы…
Day: February 15, 2024
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Коңур үн менен оңой черте турган кыл кыяктын түзүлүшүндөгү өзгөрүү жүрүшүү: “Кыргыз оркестрине коңур үндү киргизүү” долбоорунун жумушчу тобу, музыканттар Чолпон Турумбаева, Рысбек Жунушов, Залина Касымова жана салттуу музыкалык аспап жасоочу Марат Берикбаевдер коңур үн менен оңой черте турган кыл кыл кыяктын түзүмүн өзгөртүүнү аяктоо баскычында турушат. Кыл кыяк жасагандан кийин долбоордун жумушчу тобу жаш музыканттарды реконструкцияланган кыл кыякта ойноого үйрөтүү кырдаалын баштайт. Комуз черткенди үйрөнүү иши улантууда. Ошондой эле, долбоордун жумушчу тобу концерттик программаны бекитүү бөлүкчөсүндө турат. Музыканттар тобун реконструкцияланган комузда жана кыл кыякта ойноого үйрөтүүнүн акыркы максаты аларды…
