Иш кеңешме: “Кыргызстандын бейзаттык маданий мурас дүйнөсүнө санариптик саякат” долбоорунун алкагында, үчтүн айынын 22-де, Кыргызстанда жашаган дунган элинин бейзаттык маданий мурасын инвентаризациалоо максатында чогултулган маалыматты иргөө жана тастыктоо боюнча кеңешме болуп өттү. Аталган кеңешмеге дунган элинин ар кырлуу маданий мурасын сактап жүргөн коомдоштук мүчөлөрү катышып, чогулган маалыматка өз сын пикирин айтуу менен бирге бир-нече багытта кошумча маалымат бере алышты. Чогулган маалыматтын негизинде, дунган элинин маданий мурасы тогуз бөлүмгө бөлүндү. Ар бир бөлүм, өз ирэт, бир нече маданий көрүнүштөрдөн (элементтерден) турат. Иш топтун жоопту серепчиси Жон Али агай – этнограф, тарых…
