Skip to content
    office.aigine@gmail.com
    • Instagram
    • Facebook
    • Twitter
    • Youtube
      Айгине
      • Биз жөнүндө
        • Вазыйпа
        • Тарых
        • Байкоочу кеңеш
      • Публикациялар
        • Китептер
        • “Айгине” жөнүндө жарыяланган материалдар
        • Башка басылмалар
      • Долбоорлор
      • Салттуу билимдер
      • Кыргызча
        • Русский
        • English
        • Кыргызча
      Башкы бет
      |
      2024
      |
      2024
      |
      Page 8

      Year: 2024

      МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп

      June 14, 2024by admin

      Иш жолугуулар: Кулжа айынын 8-де“Кыргызстандын бейзаттык маданий мурасына санариптик саякат” долбоорунун алкагында Кыргызстандын бейзаттык маданий мурасынын чоң бөлүмү болгон “Кыргыз кол өнөрчүлүк билими жана салттуу буюмдар” боюнча топтолгон маалыматты коомдоштук мүчөлөрү менен тастыктоо жана толуктоо жыйыны болуп өттү. Маалыматты, кол өнөрчүлүк боюнча адис, салттуу билим ээси жана уз, Айдай Асангулова тарабынан даярдалган. Жолугушуунун жүрүшүндө маалымат толук кандуу даярдалганына баа берилип, эки-үч толуктама киргизилди. Бул маалымат аталган санарип аянтчадан орун алат. Телеберүүгө катышуу: Кулжа айынын 12-де УТРК даярдаган казак жана кыргыз элдеринин орток маданий мурасына арналган “Кош канат” берүүнүн кезектеги тартылышы…

      Окуу

      МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп

      June 10, 2024by admin

      Эл аралык форумга катышуу: IV Эл аралык илимий-практикалык форумдун алкагында “Коңур үндү кыргыз оркестринин үнүнө киргизүү” долбоорунун жумушчу тобунун мүчөсү Турумбаева Чолпон Коңур үн боюнча жүргүзгөн изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен Бугунун 30 Кулжа 2 чейин өткөн Алтай мамлекеттик маданият институтунда Азия элдеринин Шериктештигинин алдындагы окуу жайлардын маданият тармагында “Евразиялык аймактын маданияты” IV Эл аралык илимий-практикалык форумунун алкагында тааныштырды. Форумга катышуу үчүн Чолпон Турумбаеванын “Көңур үн кыргыз аспаптык музыкасында” деген макаласы орус тилине которулган. Макала Эл аралык илимий-практикалык форумдун жыйынтыгы боюнча Алтай мамлекеттик маданият институтунун илимий журналына жарыяланат. Музыканттар тобун реконструкцияланган комузда…

      Окуу

      МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп

      June 5, 2024by admin

      Үйрөнүү иши: “Кыргыз оркестрине коңур үндү киргизүү” долбоорунун жумушчу тобу, музыканттар Чолпон Турумбаева, Рысбек Жунушов, Залина Касымова жаш музыканттарды реконструкцияланган 4 кылдуу комузда жана реконструкцияланган кыл кыяктарда ойноого үйрөтүү иштерин улантууда. Бул музыкалык аспаптар долбоордун алкагында атайын чеберлер Рысбек Жунушов жана Марат Берикбаев тарабынан жасалган. Музыканттар реконструкцияланган комуздар менен кыл кыяктарды камтыган оркестрдин экинчи угуусуна даярданып жатышат. Экинчи угууда жаш музыканттарды даярдоо иштерин жыйынтыгы чыгарылып, долбоордун иш-чараларынын алкагында мындан аркы кадамдар талкууланат. Иш жолугуулар: Бугу айынын 29 Айгине МИБ Өзбекстандагы Сармышсай коругунун негиздөөчүсү Эгамов Рамазан менен онлайн жолугушуу өткөздү. Жолгушууда…

      Окуу

      МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп

      May 27, 2024by admin

      Улуу Тоолор долбоорунун жыйынтыгы: Бугунун 21-де Тоң айылында Улуу Тоолор долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды. Иш-чарада Тастар-Ата тоонун жанында жайгашкан 3 мектеп бир айлык изилдөөнүн натыйжасын көрсөтүштү. Ал мектептер Кажы-Саз, Туура-Суу жана Тоң айылдарында жайгашкан. Мектеп окуучулары өздөрүнүн айылында 5 багытта изилдөөлөрдү жүргүзүштү: дары чөптөр, уламыштар, чийимташтар, ийгиликтүү айымдар жана 1916 окуялар боюнча. Долбоордун катышуучулары жыйынтыкты креативдүү түрдө көрсөтүштү. Натыйжада, 3-орун Кажы-Саз айылынын мектебине, 2-орун Тоң айылынын мектебине, ал эми 1-орун Туура-Суу айылынын мектебине берилди. Калыстар тобунда Гульнара Айтпаева, Жумагазы Садыр уулу жана Темирбек Токтогазиев болду. Долбоордун башталышына жардам берген жергиликтүү инсан…

      Окуу

      Posts navigation

      1 … 7 8 9 … 13
      2026 © Айгине
      • РусскийРусский
      • EnglishEnglish
      • КыргызчаКыргызча