Skip to content
    office.aigine@gmail.com
    • Instagram
    • Facebook
    • Twitter
    • Youtube
      Айгине
      • Биз жөнүндө
        • Вазыйпа
        • Тарых
        • Байкоочу кеңеш
      • Публикациялар
        • Китептер
        • “Айгине” жөнүндө жарыяланган материалдар
        • Башка басылмалар
      • Долбоорлор
      • Салттуу билимдер
      • Кыргызча
        • Русский
        • English
        • Кыргызча
      Башкы бет
      |
      2024
      |
      2024
      |
      Page 5

      Year: 2024

      МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп

      September 13, 2024by admin

      Бет ачарга даярдануу: “Арыш-Кенч” коомдук уюму менен өнөктөштүк долбоорунун алкагында “Айгине” маданий-изилдөө борбору көп жылдардан бери иштеп келе жаткан өнөктөшү, маданият кызматкери, Дүйнөлүк жергиликтүү илимдер тармагынын (WISN) негиздөөчүсү, Апела Колорадо китебинин котормосун тартуулоого даярданууда. «Дүйнөлөр арасындагы аялзат» аттуу китеби анын түпкү маданиятынын тамырын изилдөө аркылуу анын руханий изденүүсүн изилдейт. Китептин бет ачары Аяк оонанын аягына пландалууда. Форумдун иши: Айгине МИБ Аткаруу комитетинде Азия-Тынч океан аймагынан өкүл болгон бейзаттык маданий мурас боюнча Эл аралык бейөкмөт уюмдар форумунун ишинин алкагында форумдун мүчөлөрүнүн эл аралык симпозиумуна даярдыктар жүрүүдө. ЮНЕСКОнун бейзаттык маданий мурастарды коргоо…

      Окуу

      МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп

      September 9, 2024by admin

      Иш жолугуулар: Аяк оонанын 3-дө Айгине МИБдин кеңсесинде Айгине менен иштешип жүргөн кол өнөрчүлөрдүн чакан тобу менен алгачкы жолугушуу болуп, кол өнөрчүлүк боюнча маалымат булагын куруу маселеси талкууланды. Долбоор ЮНЕСКОнун колдоосу астында Азия-Тынч мухит аймагындагы бейзаттык маданий мурастар боюнча Эл аралык маалымат-тармактык борбор (ICHCAP) тарабынан демилгеленген. Жолугушууда маалымат булактын өзөгү жана болжолдуу түзүлүшү талкууланып, анда Кыргызстандын кол өнөрчүлүгүнүн бардык жактарын эсепке алууга аракет кылынды. Кийинки жолугушууга белгилүү кол өнөрчүлөр жана уюмдар чыкырылып, өткөн жыйналыштын негизинде түзүлгөн булак өзөгү сын-талкууга алынат. Жаңы изилдөө: Айгине маданий изилдөө борборунун тобу Борбордук Азиянын салттуу…

      Окуу

      МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп

      September 3, 2024by admin

      Маданий мурастар жана заманбап технологиялардын жолугушуусу: Айгине маданий изилдөө борборунун тобу “Солтек” уюму менен биргеликте “Маданий мурас менен заманбап технологиялардын жолугушуусу” аттуу долбоордун экинчи баскычын ишке ашырууга киришти. Бул баскыч эки негизги багытты камтыйт: ыйык жерлерге зыярат кылуу салтынын мааниси жөнүндө кыска анимациялык тасма жаратуу жана балдар үчүн кыргыз жана орус тилдеринде көк-бөрү боюнча соңгу мобилдик видеооюн иштеп чыгуу. Видеооюн Кыргызстанда жасалган алгачкы экшн жанрындагы мобилдик оюн болуп, App Store жана Google Play платформаларында жеткиликтүү болот. Долбоордун тобу мобилдик оюнду долбоорлоо жана анын мазмунун түзүү ишине киришти. Оюндун дизайнын жана…

      Окуу

      МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп

      August 27, 2024by admin

      Иш чара: Баш оонанын 19-23 Айгине маданий-изилдөө борбору «2003-жылдын Тизмелерине киргизүү үчүн номинациялык файлдарды даярдоо үчүн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бейзаттык маданий мурастарынын эксперттеринин жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын кызматкерлеринин потенциалын өнүктүрүү боюнча тренинг» өткөрдү. Иш чара Бишкек шаарындагы Жаннат резорт мейманканасында ЮНЕСКО тарабынан Европа биримдигинин каржылоосу менен “Борбордук Азиядагы Жибек Жолунун мурас коридорлору – Европалык маданий мурастар жылынын эл аралык аспектилери” долбоорунун алкагында өттү. Иш чаранын максаты – номинациялык файлдарды даярдоо үчүн зарыл болгон концептуалдык, аналитикалык жана техникалык чеберчиликти өнүктүрүү, ошондой эле бейзаттык маданий мурастын элементтеринин номинацияларын эл…

      Окуу

      Posts navigation

      1 … 4 5 6 … 13
      2026 © Айгине
      • РусскийРусский
      • EnglishEnglish
      • КыргызчаКыргызча