Иш чара: Жалган курандын 29-да, «Мурдаш Башы чийимташтарын картага түшүрүү жана аларга байланыштуу салттуу билимди изилдөө жана санариптештирүү аркылуу сактоо» алкагында Айгине МИБ тобу Мурдаш Башы таштарындагы чиймелерди чечмелөө боюнча салттуу билим боюнча адистери менен жолугушууну өткөрдү. Мурдаш башы таштарындагы сүрөттөрдүн негизинде салттуу билим боюнча адистердин жумушчу тобу кыймылдуу видео түрүндө ишке ашырыла турган окуяны түзүштү. Жакынкы келечекте окуянын негизинде кыймылдуу видео чагылдырылат жана долбоордун санариптик картасы менен бирге долбоордун натыйжаларынын бири болуп, жердин салттуу чечмелөө жана археологиялык сыпаттамасын камтыган Мурдаш-Башы маданий-тарыхый комплексинин санариптик картасы менен бирге жарыялат. Ошондой эле…
Year: 2024
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Жаш музыканттарды үйрөтүү иштери: “Кыргыз оркестрине коңур үндү киргизүү” долбоорунун жумушчу тобу, музыканттар Чолпон Турумбаева, Рысбек Жунушов, Залина Касымова жаш музыканттарды реконструкцияланган кыл кыяктарга жана комуздарга үйрөтүү иштерин улантууда. Музыканттар конурдун нукура үнүн издөөнү улантып, салттуу аспап жасоочу Марат Берикбаев менен тыгыз кызматташып, аспаптарга кичине, бирок олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүүдө. Өнөрпоздор тобун реконструкцияланган комузда жана кыл кыякта ойноого үйрөтүүнүн акыркы максаты аларды жаңыланган аспаптар менен Б.Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин оркестрине киргизүү жана концерт өткөрүүдө. Гендердик теңсиздикке каршы күрөшкө даректүү чакан тасмага даярдоо: Бул жумада гендердик теңсиздикке каршы күрөшкө арналган…
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Майрам жолугуулар: Жалган курандын 7-де Айгине МИБ өзгөчө конокторду күттү. “Асыл Жан” радиоуктуруунун өнөктөшү “Жамааттык радионун” өкүлдөрү Назира Жусупова жана Айгерим Кубатбекова ошондой эле уктурууга катышып жеке тажрыйбасы менен бөлүшкөн коноктор Санжи Туйтунова, Мундуз Асаналиева, Нуриза Чынтемирова келишти. Жолугуу учурунда зордук-зомбулукка тиешелүү көйгөйлөр кайра козголуп, кандай иш-аракеттер аркылуу бул көйгөйлөрдү азайта алабыз деген суроо талкууланды. Жеке жагымсыз тажрыйбалар менен бөлүшүү кыргыз салттуу коомчулугу үчүн жаңы көрүнүш, ошондуктан бул дайыма бир топ сын-пикирди туудуруп келет. Бирок кыргыздар айткандай “ооруну жашырсаң, аны өлүм ашкерелейт”. Салттуу коомчулук запкы тарткан кыз-келиндерине көңул буруп, колдоого…
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Иш жолугуулар: “Асыл жан” уктуруусу: Бирдин айынын 26-да, Айгине маданий-изилдөө борборунун жетекчиси Гулнара Айтпаева жана улуу кызматкери Чолпонай Усубалиева-Грищук «Асыл жан» уктуруусунун жыйынтыктоочу маегинин коногу болушту. «Асыл жан» радио уктуруусу кыргыз коомундагы аялзатына карата күчөгөн зордук-зомбулукту азайтуу максатында Айгиненин демилгеси жана Жамааттык медианын колдооосу менен 2023-жылдын жетинин айынын 27-нен бери жума сайын үч жолу түз уктуруу аркылуу ишке ашып келе жатат. Бул уктуруулар зордук-зомбулук маселенин ачыкка көтөрүп чыгуу, себептерин жана алдын алуу/жою жолдорун издөө менен бирге зомбулуктан жапа чеккен инсандарга колдоо көрсөтүү үчүн жаралган. Үч айдын ичинде отуз алты түз…
