Бет ачар: Бештин айынын 22-де жана 23-дө Айгине маданий-изилдөө борбору өнөктөштөрү жана эмгектештери менен биргеликте өз имаратында жоопчот кечелерди өткөрдү. Ар бир кече үч бөлүкчөдөн куралды: түш-белек кутучасынын бет ачары; чийимташтардын сырын кыймылдаган сүрөттөр (motion video) аркылуу ачуу жана канаттуу баш-кийимдер тууралуу тасманы сунуштоо. Катышкан асыл конокторубуз өз пикирлерин айтып, колдоосун да, сынын да ортого салышты. Коңур үн: Бештин айынын 27 Айгине маданий борборунун кеңсесинде “Кыргыз оркестрине коңур үндү киргизүү”жаңы долбоорунун алкагында жумушчу топтун жолугушуусу болуп өттү. Долбоордун демилгелүү тобу, музыканттар Чолпон Турумбаева, Рысбек Жунушов жана салттуу музыкалык аспап жасоочу…
