Талаа сапары: 2023-жылдын 6-октябрында Айгине МИБ тобу Тоң районунун аймагында жайгашкан, Айгине түзгөн Кыргызстандагы касиеттүү жерлердин тизмесине кирген Арча Мазар аттуу жайга сапар алышты. Талаа сапары жаратылыштын жана мазар басуу маданиятынын сактоочуларынын өтүнүчү менен орун алган. Табигый жана маданий мурасты сактап жашаган кишилер тынчсыздануу менен Борборубузга кайрылышкан. Себеби, табигый касиеттүү жайларга, атап айтканда, Арча-Мазарга ырайымсыз мамиле жасалып, жаратылыш талкаланып жатканында. Жалгыз Арча таш тектирлердин арасында өсүп чыккан. Бир топ убакытта Дарак таштардын арасынан суурулуп, өсүп, табияттын күчтүү, бийик, кооз көрүнүшүнө айланган. Дал ушул күчтүү, 70-100 жүз жылга жакын өмүрү бар…
Day: October 10, 2023
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Ыйык жерлер тууралуу мультфильмдерди көрсөтүү: 23-сентябрда “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр борборунда Айгине МИБ жамааты Санжарбек Данияров атындагы фонд менен биргеликте өлкөнүн эки ыйык жери тууралуу уламыштардын негизинде тартылган мультфильмдерди көрсөтүштү. Көрсөтүү Бишкекке С.Данияров атындагы фонддун чакыруусу менен келген Ат-Башы орто мектебинин окуучуларына, ошондой эле Бишкек шаарындагы мектептердин окуучуларына жана «Сейтек» борборунун окуучуларына уюштурулду. Көрсөтүлгөндөн кийин мультфильмдердин сюжеттери жана каармандары тууралуу кызуу талкуу жүрдү. Мультфильмдер Кыргызстандагы эки ыйык жердин – Ош облусунун Кулун-Ата жана Талас облусунун Ажыдаар-Таштын жаралышы тууралуу баяндайт. Заманбап технологиялар менен маданий мурастардын жолугушу” долбоорунун жыйынтыктарынын бет ачары: Солтек…
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Долбоор боюнча биринчи уюштуруу жыйыны: 13-сентябрда Айгине МИБ кеңсесинде “Кыргыз оркестринин үнүнө коңур үндү кошуу” долбоорунун биринчи жыйыны өттү. Долбоордун максаты – “коңур” үнүн (кыргыздын нукура үнү) сактоо жана оркестрге кошуу жолдорун изилдөө, ошондой эле аны оркестрдин үнүнө кошуу. Жолугушууда долбоордун демилгечиси оркестр боюнча адис Чолпон Турумбаева жана кесиптештери Айгине менен бирге долбоордун милдеттерин жана иш-чараларын талкуулашты. Чийимташтардагы окуялар тууралуу демсөөлөт (анимация) иштеп чыгуу: Айгине МИБ жана «Тентек» бирикмесинин жумуш топтору чийимташтарда чагылдырылган кыргыз элинин тарыхы, ошондой эле тоо эчки, бугулардын жана алардын мүйүздөрү сүрөттөрүнүн маданий маанисин ачуу боюнча демсөөлөт…
