Ыйык жерлер тууралуу мультфильмдерди көрсөтүү: 23-сентябрда “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр борборунда Айгине МИБ жамааты Санжарбек Данияров атындагы фонд менен биргеликте өлкөнүн эки ыйык жери тууралуу уламыштардын негизинде тартылган мультфильмдерди көрсөтүштү. Көрсөтүү Бишкекке С.Данияров атындагы фонддун чакыруусу менен келген Ат-Башы орто мектебинин окуучуларына, ошондой эле Бишкек шаарындагы мектептердин окуучуларына жана «Сейтек» борборунун окуучуларына уюштурулду. Көрсөтүлгөндөн кийин мультфильмдердин сюжеттери жана каармандары тууралуу кызуу талкуу жүрдү. Мультфильмдер Кыргызстандагы эки ыйык жердин – Ош облусунун Кулун-Ата жана Талас облусунун Ажыдаар-Таштын жаралышы тууралуу баяндайт. Заманбап технологиялар менен маданий мурастардын жолугушу” долбоорунун жыйынтыктарынын бет ачары: Солтек…
Month: October 2023
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Долбоор боюнча биринчи уюштуруу жыйыны: 13-сентябрда Айгине МИБ кеңсесинде “Кыргыз оркестринин үнүнө коңур үндү кошуу” долбоорунун биринчи жыйыны өттү. Долбоордун максаты – “коңур” үнүн (кыргыздын нукура үнү) сактоо жана оркестрге кошуу жолдорун изилдөө, ошондой эле аны оркестрдин үнүнө кошуу. Жолугушууда долбоордун демилгечиси оркестр боюнча адис Чолпон Турумбаева жана кесиптештери Айгине менен бирге долбоордун милдеттерин жана иш-чараларын талкуулашты. Чийимташтардагы окуялар тууралуу демсөөлөт (анимация) иштеп чыгуу: Айгине МИБ жана «Тентек» бирикмесинин жумуш топтору чийимташтарда чагылдырылган кыргыз элинин тарыхы, ошондой эле тоо эчки, бугулардын жана алардын мүйүздөрү сүрөттөрүнүн маданий маанисин ачуу боюнча демсөөлөт…
