Климаттын өзгөрүлүшү жана Баткендеги өрүк менен күрүч остүрүүнүн тажрыйбасы: Айгине МИБ Баткендеги өрүк менен күрүч остүрүү тажрыйбасын климаттын өзгөрүлүшүнө байланыштуу изилдей баштады. Чакан изилдөөнүн максаты: өрүк өстүргөн жана күрүч баккан эмгекчилдердин климаттын өзгөрүлүшүнө өз көз-караштарын таанып түшүнүү жана талдоого алуу. Чакан изилдөөнү Баткен боюнча касиеттүү жерлерди изилдешкен, көп жылдар бою эмгектешип келе жаткан Матраимов Абдыразак ишке ашырууда. Изилдөөнүн табылгалары өз эмгекчилдер менен талдоого алынат жана кийин климат өзгөрүү боюнча кенен үлгүлөрдүн алкагында каралат. Кыргызстандын бейзаттык маданий мурастын улуттук тизмеси: “Кыргызстандын бейзаттык маданий мурастар дүйнөсүнө санариптик саякат” долбоорунун алкагында долбоордун жумушчу…
