Түпкүлүктүү элдердин эл аралык күнүнө карата онлайн иш-чара: Баш оонанын 9-да Айгине МИБ тобу Паванка Фондунун онлайн иш-чарасына катышты. Иш-чаранын максаты – айлана-чөйрөнү коргоодогу жергиликтүү жаштардын орду жана салымы. Иш-чарага дүйнөнүн ар башка аймактарынын өкүлдөрү катышты. Кыргызстандын тажрыйбасын Айгине МИБ адиси Айбек Самаков сунуштады. Айбек Паванка фонду тарабынан колдоого алынган климаттын өзгөрүлүшүнүн салттуу белгилери боюнча долбоордун жыйынтыктары менин бөлүштү. Айбек салттуу билимдин, анын ичинде жаратылыш жөнүндөгү билимдин маанисине токтолду. Ошондой эле салттуу билимдер көп учурда илимий коомчулуктун жана чечим кабыл алуучулардын көз жаздымында калып, климаттык үлгүлөрдү иштеп чыгууда эске алынбай…
Day: August 15, 2023
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Кыргызстанда жашаган 2 элдин – дунгандардын жана уйгурлардын бейзаттык маданий мурастын элементтерине арналган тизменин үстүндө иштөө: “Кыргызстандын бейзаттык маданий мурастар дүйнөсүнө санариптик саякат” долбоорунун алкагында долбоордун жумушчу тобу бейзаттык маданий мурастын элементтеринин улуттук тизмесин инвентаризациялоонун жана тактоонун үстүндө иштеп жатат. Кыргыз элинин бейзаттык маданий мурастын элементтеринин үстүндө иштөө менен бирге Кыргызстандын этностук топторунун – дунгандардын жана уйгурлардын бейзаттык маданий мурастын элементтерин документтештирүү биринчи жолу жүргүзүлүүдө. Жумушчу топтун курамына бул этностордун эки өкүлү кирди, алар өз жамааттарынын деңгээлинде инвентаризациялоо аркылуу бейзаттык маданий мурастын элементтеринин биринчи документациясын түзүү менен алектенишет. Кыргызстандын ыйык…
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Санариптик булакты түзүү: МИБ Айгиненин тобу ОСОО Солтек компаниясынын өнөктөшү катары адистер менен бирге кыргыз маданиятындагы аялзаттын жан-дүйнөсүн тынч абалга алып келүүгө жана ички сезимин өстүрүүгө багытталган усул-жолдорду камтыган санариптик “Аялдыктан асылзаадалыкка жол” аттуу булагын иштеп бүтүрдү. Булакты бул дарек аркылуу көрө алсаңыздар болот: https://aigine.kg/wp…/uploads/2023/07/woman-practices.pdf Кыргызстандын бейзаттык маданий мурасы боюнча санариптик аянтчанын таризи: Кыргызстандын бейзаттык маданий мурасы боюнча санариптик аянтчанын таризи «Кыргызстандын бейзаттык маданий мурастар дүйнөсүнө санариптик саякат» долбоорунун жумушчу тобу тарабынан иштелип чыкты. Учурда тийиштүү адистер булактын мазмунунун үстүндө эмгектенүүдө. Бейзат маданий мурас боюнча Келишимдин 20-жылдык мааракеси: Айгине МИБ…
